TÜRKSOY
25 октябрь 20262 мүн окуу

Зия Гөкалптын каза болгонунун 102 жылдыгына карата анын мүрзөсүнө гүл коюлуп, эскерүү иш-чарасы өттү

WhatsApp Image 2026-10-25 at 18.01.28

Түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдык жана руханий өнүгүшүнө зор салым кошкон белгилүү ойчул, социолог жана акын Зия Гөкалптын каза болгонунун 102 жылдыгына карата Стамбул шаарындагы Чемберлиташта жайгашкан мүрзөсүнүн жанында эскерүү аземи өткөрүлдү.

Түрк очактары уюмунун Стамбулдагы бөлүмү бир катар жарандык коом уюмдарынын колдоосу менен уюштурган иш-чара Султан II Махмуд күмбөзүнүн жанындагы көрүстөндө өттү. Ага Зия Гөкалптын урпактары, Түркия Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү доцент, доктор А. Куталмыш Ялчын жана көптөгөн коноктор катышты.

Эскерүү аземи Айдынлар очагы, Сирия түркмөндөрүнүн ассоциациялар федерациясы, Ирак түркмөндөрүнүн маданият жана өз ара жардамдашуу ассоциациясы, Стамбул крым татарларынын ассоциациясы, Мефкүрө мектеби, Улуттук ой жүгүртүү борбору, Улутчул академиктер ассоциациясы, Умай Ана түрк дүйнөсүнүн аялдар бирлиги, RUBASAM, Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду жана 14-март медициналык факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы сыяктуу уюмдардын колдоосу менен уюштурулду.

Куран окуу менен башталган иш-чарада Зия Гөкалптын түрк ой жүгүртүүсүнө жана маданиятына калтырган мурасы терең урмат-сый жана ыраазычылык менен эскерилди. Программанын алкагында маркумдун жаркын элесине арналып, катышуучуларга халва таратылды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү доцент, доктор А. Куталмыш Ялчын Зия Гөкалп жөн гана ойчул эмес, коомдук философиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, социолог, акын жана элдик оозеки чыгармачылыкты изилдөө тармагына олуттуу салым кошкон көп кырдуу инсан болгонун белгиледи.

Ялчын ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раевдин эскерүү кайрылуусун да катышуучуларга жеткирип, Зия Гөкалптын түрк дүйнөсүнүн орток маданий жана интеллектуалдык мурасындагы өзгөчө ордуна токтолду.

Ошондой эле ал 2026-жыл ТҮРКСОЙ тарабынан «Зия Гөкалпты эскерүү жылы» деп жарыяланганын эске салды. Анын айтымында, мындай чечим ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 41- жана 42-жыйындарынын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин сунушу менен кабыл алынган.

Зия Гөкалптын каза болушунан 102 жыл мурда ушул эле аймакта көптөгөн адамдар чогулуп, аны акыркы сапарга узатканын эске салган Ялчын арадан бир кылымдан ашык убакыт өтсө да, улуу ойчулдун идеяларынын жашап, кийинки муундарга жетип жатканына канааттануусун билдирди.

Түрк дүйнөсүнүн орток маданий өзгөчөлүгүнүн калыптанышында маанилүү орунду ээлеген Зия Гөкалп өзүнүн эмгектери жана идеялары аркылуу жаңы муундарга дем-күч берип, руханий мурасын улантууда.

Медиа галереясы

(5)