Венгрияда Кыргыз маданиятынын күнү өткөрүлдү
ТҮРКСОЙ уюмунун координациясы, Лакителек фондунун уюштуруучулугу жана Кыргыз улуттук «Манас» театрынын колдоосу менен Венгриянын Лакителек шаарында «Кыргыз маданиятынын күнү» өткөрүлдү.
Венгриядагы Хунгарикум Лигет маданий комплексинде өткөн иш-чарада кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы, адабияты жана искусствосу венгриялык көрүүчүлөргө тартууланды. Эпостордон үзүндүлөрдү айтуу, акындардын өнөр көрсөтүүсү, китептердин бет ачары жана фотокөргөзмө камтылган программа Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.
Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Эрлан Абдылдаев, Лакителек фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы Шандор Лежак, Венгрия парламентинин депутаты, доктор Анна Лежак, Казакстандын Венгриядагы элчилигинин кеңешчиси Кайрат Камбаров, Азербайжандын Венгриядагы элчилигинин консулу Эмин Аласгарлы, Түркиянын Будапешттеги элчилигинин үчүнчү катчысы Гөкберк Экинчи жана чакырылган коноктор катышты.
Алыкул Осмоновдун чыгармалары венгр окурмандарына тааныштырылды
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Алыкул Осмоновдун ырларынын венгр окурмандарына жетиши өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
2025-жылы туулганына 110 жыл толгон акындын чыгармачылык мурасына токтолгон Раев адабий котормолор элдердин ортосундагы жалпы маданий байлыкты жаңы мейкиндиктерге жеткирүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.
Ал Осмоновдун ырларын венгр тилине которгон Давид Шомфаи Карага, ошондой эле китептин редакциялык көзөмөлүн жана адабий оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн Айда Шомфаи Памирбекке ыраазычылык билдирди.
Программанын алкагында Konzervatív Műhely Kiadó басмаканасынан кыргыз жана венгр тилдеринде жарык көргөн Алыкул Осмоновдун «Tó hulláma» аттуу ырлар жыйнагы жана Хабиб Кохинин «Tales of the Silk Road» («Жибек жолунун уламыштары») аттуу китеби тааныштырылды.
«Манас» эпосунан үзүндүлөр жаңырды
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди.
Ошондой эле манасчы Бексултан Имаев менен дастан айтуучу Мариям Тобокелова катышкан программада Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев жана Арген Биймырза уулу кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынан үлгүлөрдү тартуулашты.
Иш-чаранын алкагында Шандор Уйваринин фотокөргөзмөсү да ачылды. Анда автордун Армин Вамбери лагерине катышкан окуучулар үчүн уюштурулган Кыргызстанга болгон сапары учурунда тарткан сүрөттөрү коюлду.
ТҮРКСОЙ медалдары тапшырылды
Салтанаттын соңунда Түрк дүйнөсү менен Венгриянын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Габриэла Лежакка жана доктор Юдит Кишфалуди-Бакка ТҮРКСОЙ медалы тапшырылды.
Салттуу элдик бийлерди сактоо жана маданий мурастарды коргоо багытындагы эмгеги үчүн Габриэла Лежакка, ал эми түрк дүйнөсүнүн маданий байлыгын Венгрияда кеңири таанытууга кошкон салымы үчүн Юдит Кишфалуди-Бакка медалдарды ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев тапшырды.
Иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасын эл аралык деңгээлде таанытууга, ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.