ТҮРКСОЙ Башкы катчысынын орун басары Юсуф Европадагы түрк жаштарын түрк дүйнөсүн таанып-билүүгө чакырды
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф Европада жашаган түрк жаштары Анадолу менен гана чектелбестен, өз цивилизациясынын түпкү башаты болгон Түркстан аймагын да таанып-билиши керектигин белгиледи.
Сайит Юсуф Kanal Avrupa телеканалындагы «Avrupa Baskısı» («Европанын басымы») программасына катышып, түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясы жана Европадагы түрк диаспорасы тууралуу ой бөлүштү.
ТҮРКСОЙ уюмун «Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсy» деп мүнөздөгөн Юсуф уюм саясаттан тышкары маданий миссияны аткарарын баса белгиледи. Анын айтымында, уюмдун негизги максаты — өткөн мезгилдерде пайда болгон маданий ажырымды жоюу жана түрк элдеринин ортосундагы байланышты кайрадан чыңдоо.
«Түрк болуу — этностук таандыктык менен гана чектелбейт»
Быйыл «Зия Гөкалп жылы» белгиленип жатканын эске салган Юсуф уюмдун түрк дүйнөсүнө болгон мамилесин Гөкалптын түркчүлүк жөнүндөгү түшүнүгү аркылуу чечмеледи.
Ал түркчүлүктү этностук келип чыгыш менен гана чектөөгө болбой турганын белгилеп, мындай деди: «Зия Гөкалптын көз карашына таянсак, өзүн түрк сезген, түрк катары жашаган, түрктөр менен жалпы тагдырды бөлүшкөн жана келечекке карата орток үмүт-тилектери бар боордош коомдорду да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары кабыл алабыз. ТҮРКСОЙ катары этностук чектерден чыгып, бул коомдор менен да биргеликте иш алып барабыз».
Юсуф ошондой эле Зия Гөкалп жана Исмаил Гаспыралы сыяктуу агартуучулардын демилгеси менен өнүккөн жадидчилик кыймылынын маанисине токтолду. Анын белгилешинче, өткөн мезгилде түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында ачылган мектептер бүгүнкү маданий аң-сезимдин калыптанышына негиз болгон.
«Европадагы жаштардын түрк тилин бөтөн көрбөгүлө»
Европадагы түрк диаспорасы туруктуу коом катары калыптануу баскычына өткөнүн белгилеген Юсуф чет өлкөлөрдө төрөлүп-өскөн жаштардын түрк тилин колдонушун сынга алууга каршы экенин билдирди.
Анын айтымында, тил — жандуу көрүнүш жана ал жашаган чөйрөнүн таасири менен өзгөрүп, өнүгүп турат. «Бул жердеги жаштардын түркчө сүйлөгөнүн бөтөн көрүүгө эч кимдин акысы жок. Ал жакта жаңы синтез, жаңы маданият жаралууда. Корко турган нерсе — түрк тилинин өзгөрүшү эмес, жаштардын кылмыштуулукка тартылышы, ассимиляцияга дуушар болушу же эне тилин толугу менен унутуп калышы. Интеграцияны колдойбуз, бирок ассимиляцияга каршыбыз», — деди Юсуф.
Жалпы алфавит жана телесериалдар боюнча «түрк тили» эскертүүсү
Тилдик биримдик маселесине токтолгон Юсуф Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өзбек алфавитин Түркияда колдонулган түрк алфавитиндеги тамгалар менен шайкеш келтирүү багытындагы кадамын тарыхый мааниге ээ демилге катары баалады. Ал Исмаил Гаспыралынын «Тилде, пикирде, иште биримдик» деген ураанын эске салды.
Маданий дипломатиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролуна да көңүл бурган Юсуф түрк телесериалдарын жана кинотасмаларын тарткан чыгармачыл топторго кайрылды. «Балкандардан Түндүк Африкага чейин дүйнөнүн көптөгөн аймактарында адамдар түрк тилин телесериалдар аркылуу үйрөнүп жатышат. Сценаристтер менен продюсерлер миллиондогон көрүүчүлөргө түрк тилин үйрөтүп жатканын түшүнүп, тилди бузбай, анын эң көркөм жана туура формасын колдонууга милдеттүү», — деп белгиледи ал.
«Жаштар Түркстан аймагын көрүшү керек»
Батыш Европада жашаган түрк жаштарына өз тамырларын изилдөөнү сунуштаган Юсуф алардын өздүк таанымын ата-энелеринин Анадолудагы туулган жери менен гана чектебеши керектигин айтты.
Ал сөзүнүн соңунда жаштарды түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий борборлорун таанып-билүүгө чакырды.
«Жаштарыбыз Кожо Ахмет Ясави, Матуриди жана Хива тууралуу изилдешсин. Бухараны, Самаркандды, Казанды жана Орхон өрөөнүн сөзсүз көрүшсүн. Өткөн тарыхынан күч алышсын, бирок ага байланып калбастан, өз цивилизациясынын байлыгы менен келечекке умтулушсун.
Түрк маданиятынын өзөгүндө Юнус Эмре, Мевлана жана Кожо Ахмет Ясавинин толеранттуулугу жатат. Мындай баалуулуктарды туу туткан элден расизм чыкпайт. Социалдык тармактарда маал-маалы менен кездешкен жек көрүүчүлүк билдирүүлөрүнүн көбү дезинформациянын натыйжасы», — деп сөзүн жыйынтыктады Сайит Юсуф.