TÜRKSOY
24 октябрь 20261 мүн окуу

ТҮРКСОЙ Музейле бирлигинин V жыйыны Андижан шаарында өттү

WhatsApp Image 2026-10-23 at 18.31.18 (1)

ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин (ТМБ) V жыйыны «2026-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган тарыхый Андижан шаарында өттү. Жыйындын соңунда Бирликтин 2027-жылга карата төрагалыгы Түркияга өткөрүлүп берилди.

Андижан облусунун акимчилигинде өткөн жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Молдованын курамындагы Гагауз автономиялуу аймагынан ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин улуттук координаторлору катышты. Ошондой эле иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Өзбекстандагы өкүлү Шавкат Ортиков, Андижан облусунун акимчилигинин өкүлү Элёр Холмирзаев, Өзбекстандын Маданий мурас агенттигинин өкүлү Дилобар Мирхусанова жана Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Маданий баалуулуктар жана музейлер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Бора Дүндар катышты.

ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин 2026-жылдагы төрагасы, Өзбекстан мамлекеттик тарых музейинин директору, профессор, доктор Жаннат Исмаилованын жетекчилигинде өткөн жыйын катышуучу мекемелердин өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен башталды.

Андан соң ТҮРКСОЙ уюмунун бөлүм башчысы жана Музейлер бирлигинин башкы координатору, д-р. Барыш Жавид Мөвсүмлү Бирликтин мүчөлөрү, 2026-жылы аткарылган иштер жана жыйындын күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берди.

Пикир алмашуу форматында уланган жыйында улуттук координаторлордун 2027-жылга карата кызматташуу боюнча сунуштары каралды. Түрк дүйнөсүндөгү музейлердин ортосундагы институционалдык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана маданий мурастарды коргоо багытындагы кызматташтыкты улантуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын катышуучулары 19–20-октябрь күндөрү Андижанда өткөн V Түрк дүйнөсүнүн музейлер жолугушуусунун алкагындагы симпозиум жогорку деңгээлде жана ийгиликтүү уюштурулганын белгилешти. Иш-чарага кабыл алгандыгы үчүн Андижан облусунун акимчилигине, Өзбекстандын Маданий мурас агенттигине, Өзбекстан мамлекеттик тарых музейине жана ТҮРКСОЙ уюмуна ыраазычылык билдиришти.

ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин 2027-жылдагы төрагалыгы Түркияга өткөрүлдү

Жыйындын соңунда ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин төрагалыгын өткөрүп берүү боюнча салттуу азем өттү. Анын алкагында 2026-жылдагы төрайым, профессор Жаннат Исмаилова Бирликтин төрагалыгын Түркиянын өкүлдөрүнө өткөрүп берди.

Салтанатта Жаннат Исмаилова Анжияндын символдорунун бири болгон алтын Андижан табагын Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Маданий баалуулуктар жана музейлер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Бора Дүндарга тапшырды.

ТҮРКСОЙ Музейлер бирлиги түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоо, музейлер ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу багытында өз ишин улантып келет.

Медиа галереясы

(17)