V Түрк дүйнөсүнүн музей кызматкерлеринин жолугушуусу Андижанда өттү
Өзбекстандын Андижан шаарында «Түрк дүйнөсүндөгү улуттук кийимдер» темасында V Түрк дүйнөсүнүн музей кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун координациясы менен 2026-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Андижан шаарында уюштурулган иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Молдованын курамындагы Гагауз автономиялык аймагы жана Өзбекстандын ар кайсы аймактарынан келген 50гө жакын музей адиси катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк элдеринин салттуу кийим маданияты, улуттук кийимдери жана маданий мурасты сактоодо музейлердин ролу талкууланды. Иш-чаранын алкагында беш сессияда 20 илимий баяндама жасалды.
«Түрк дүйнөсүндөгү баш кийимдер» аттуу көргөзмө ачылды
Жолугушуу башталганга чейин катышуучуларга «Түрк дүйнөсүндөгү баш кийимдер» аттуу II Түрк дүйнөсүнүн биргелешкен көргөзмөсү сунушталды. Көргөзмөдө түрк элдеринин салттуу баш кийимдери жана маданий өзгөчөлүктөрү чагылдырылып, иш-чаранын негизги темасы менен айкалышты.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Андижан облустук администрациясынын өкүлү Эльёр Холмирзаев, Өзбекстандын Маданий мурас агенттигинин өкүлү Дилобар Мирхусанова жана ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин 2026-жылдагы төрайымы, профессор Жаннат Исмаилова катышты.
Аземде жалпы маданий мурасты сактоо жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүдө музейлердин стратегиялык мааниси баса белгиленди.
Музей жетекчилерине ТҮРКСОЙ ордени жана мүчөлүк сертификаттары тапшырылды
Салтанаттын жүрүшүндө ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев түрк дүйнөсүнүн музей ишине кошкон салымы үчүн Өзбекстандын Мамлекеттик тарых музейинин директору, профессор Жаннат Исмаиловага жана Димитри Карачобан атындагы Гагауз тарых жана этнография музейинин директору Людмила Маринге ТҮРКСОЙ орденин тапшырды.
Мындан тышкары, түрк дүйнөсүндөгү музейлердин ортосундагы институционалдык кызматташтыкты чыңдоо максатында Өзбекстандын ар кайсы аймактарындагы 10 музейге ТҮРКСОЙ Музейлер бирлигинин расмий мүчөлүк сертификаттары берилди.