TÜRKSOY
19 октябрь 20263 мүн окуу

Түрк дүйнөсүнүн театр жетекчилери Андижанда баш кошту: биргелешкен долбоорлор жана келечекке болгон көз караш талкууланды

WhatsApp Image 2026-10-19 at 23.13.46

IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын алкагында уюштурулган «Түрк дүйнөсүнүн театр жетекчилеринин жолугушуусу» Өзбекстандын Андижан шаарында өттү. Түрк дүйнөсүндөгү театрлардын интеграциясы, биргелешкен долбоорлор жана маданий кызматташтык маселелери талкууланган жыйында жалпы санариптик платформа түзүү жана жайкы театр мектебин уюштуруу сыяктуу сунуштар айтылды.

Доцент, доктор Кемал Гөздүн модераторлугу менен өткөн жолугушууга Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Нодирбек Сайфуллаев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстандын Маданият министрлигинин театр бөлүмүнүн башчысы Отабек Жураев, ошондой эле Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген театр жетекчилери, көркөм жетекчилер жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү катышты.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Нодирбек Сайфуллаев өлкө президентинин көз карашы жана Андижан шаарынын «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланышы менен шаар тарыхый миссияны аркалап жатканын белгиледи.

Ал төртүнчү ирет уюштурулуп жаткан эл аралык фестивалга үй ээси болуу чоң сыймык экенин айтып, жыл бою ТҮРКСОЙдун алкагында шаарда руханий, адабий жана чыгармачылык багыттагы көптөгөн иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлүп жатканын эске салды.

Сайфуллаев фестиваль театр спектаклдери көрсөтүлүүчү аянтча гана болбостон, маданият жана искусство тармагындагы жалпы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун издеген жана жаңы долбоорлорду иштеп чыккан көп кырдуу кызматташтык мейкиндиги экенин баса белгиледи. Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын атынан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Раев: «Интеграция, улуттук эстетика жана дүйнөгө жол ачуу»

Султан Раев өз сөзүндө түрк дүйнөсүндөгү театрлардын бүгүнкү абалына токтолуп, бул багытта өз ара байланыштын жана тажрыйба алмашуунун жетишсиздигин белгиледи.

Анын айтымында, мүчө мамлекеттердин 30 жылдык эгемендүүлүк мезгилине карабастан, театрлар бири-биринин чыгармачылык ишмердүүлүгү тууралуу жетиштүү маалыматка ээ боло албай келишкен.

«Көп жылдар бою театрларыбыз бири-бирин көрө алган жок, тажрыйба алмаша алган жок. Кайсы театрда кандай чыгармачылык процесс жүрүп жатканын билчү эмеспиз. ТҮРКСОЙ катары биз бул фестивалды театрларыбыздын бири-бирин таанып-билүүсү, интеграцияланышы жана өз ара тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча катары түздүк», — деди Раев.

Ал тил аралык баарлашуу маселесине да токтолуп, катышуучулардын кыргыз, казак, түркмөн жана башка түрк тилдеринде эркин сүйлөшүп, бири-бирин түшүнө алышы жалпы түрк тилинин табигый көрүнүштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Театр ар бир улуттун жүзү жана маданий күзгүсү экенин айткан ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы түрк дүйнөсүнүн театрлары өзүнө гана таандык көркөм жүзгө жана эстетикага ээ болушу керектигин билдирди.

«Максатыбыз — улуттук жана классикалык драматургиябызды Европага жана бүт дүйнөгө таанытуу», — деди ал.

Мындан тышкары, Раев театрдын коомдогу ордуна көңүл буруп, үй-бүлө, чынчылдык жана акыйкаттык сыяктуу улуттук баалуулуктарды сахна искусствосу аркылуу жаш муундарга жеткирүү маанилүү милдет экенин баса белгиледи.

Азербайжандан санариптик платформа, Казакстандан театр журналы сунушталды

Жыйындын жүрүшүндө Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын директору Ярмаммед Курбанов түрк дүйнөсүндөгү бардык театрлардын спектаклдери, долбоорлору жана байланыш маалыматтары жайгаштырыла турган бирдиктүү электрондук платформа түзүүнү сунуштады.

Ал эми Казакстандын калыстар тобунун мүчөсү жана театр сынчысы Бейбит Бахтигереев театрлардын бири-биринин чыгармачылык ишмердүүлүгүнөн кабардар болушу үчүн ТҮРКСОЙдун алкагында «Театр журналы жана альманахын» чыгаруу демилгесин көтөрдү.

Анын пикиринде, фестивалдар спектаклдер көрсөтүлүүчү аянтча менен гана чектелбестен, техникалык кызматкерлердин жана жаш режиссёрлордун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган окуу лабораторияларына да айланышы керек.

Зарылык Таласбек уулу эл аралык жайкы театр мектебин түзүүнү сунуштады

Кыргызстандын Чыңгыз Айтматов атындагы Ош жаштар театрынын директору Зарылык Таласбек уулу мүчө мамлекеттердин жаш жана кесипкөй актёрлорун бириктире турган «Түрк дүйнөсүнүн эл аралык жайкы театр мектебин» уюштуруу демилгесин сунуштады.

Долбоорго ылайык, ар бир өлкөдөн тандалган режиссёрлор боордош элдердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн аралаш чыгармачыл топтор менен биргеликте спектаклдерди даярдашат.

Зарылык Таласбек уулу аталган билим берүү жана чыгармачылык лагеринин алгачкы баскычтарынын бирин Ош шаарында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда сунушталган долбоорлорду жыйынтыктап, отчет түрүндө даярдоо жана фестиваль түзүп берген маданий байланыштар менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу чечими кабыл алынды.

Медиа галереясы

(9)