TÜRKSOY
19 октябрь 20261 мүн окуу

Трабзондо III ТҮРКСОЙ жаштар жолугушуусу башталды

WhatsApp Image 2026-10-19 at 23.46.25 (1)

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ менен Трабзон шаардык мэриясынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулган III ТҮРКСОЙ жаштар жолугушуусу түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген 150 жашты бириктирди.

Хамамизаде Ихсан Бей атындагы маданият жана искусство борборунда өткөн ачылыш аземине Трабзон облусунун губернатору Тахир Шахин, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев, Трабзон шаардык мэриясынын башчысы Ахмет Метин Генч, Трабзон университетинин ректору, профессор Эмин Ашыккутлу, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф, өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана түрк республикаларынан келген жаштар катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф Балкан өлкөлөрүнөн тартып Монголияга чейинки кеңири аймактан келген жаш лидерлер бул иш-чаранын алкагында баш кошконун белгиледи. Ал түрк эли цивилизацияларды түптөгөн эл экенин баса белгилеп, жаш муун ушул тарыхый мурасты келечекке жеткирүүгө тийиш экенин айтты.

Трабзон шаардык мэриясынын башчысы Ахмет Метин Генч 21 өлкөдөн келген жаштарды кабыл алуу чоң сыймык экенин билдирип, жаштар «Тилде, пикирде, иште биримдик» ураанынын негизинде жалпы келечекти курарын белгиледи.

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толгонуна токтолуп, жаштар түрк дүйнөсүнүн келечегинин кепили экенин айтты.

Ал эми Трабзон облусунун губернатору Тахир Шахин жалпы тил менен руханий баалуулуктардын элдерди бириктирүүдөгү маанисин баса белгиледи.

Шенол Гүнеш жаштар менен жолугушту

Ачылыш аземинен кийин Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Шенол Гүнеш атайын чакырылган конок катары жаштар менен жолугуп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушуунун алкагында өткөрүлгөн талкуу сессияларында маданий эс тутум жана жасалма интеллект маселелери каралды. Ал эми «Эркин трибуна» бөлүмүндө жаштар өздөрүнүн долбоорлорун сунуштап, маданият, медиа жана тынчтык темалары боюнча көз караштарын ортого салышты.

Маданий программанын алкагында жаштар Сүмела монастырын, Айя-София мечитин жана Ататүрк үй-музейин кыдырышты. Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө алар чай фабрикасына, Дурсун Али Инан музейине жана Узунгөлгө барышат.

III ТҮРКСОЙ жаштар жолугушуусу 21-октябрда жыйынтыкталат.

Медиа галереясы

(64)