TÜRKSOY
23 октябрь 20261 мүн окуу

Театр өнөрүнүн чеберлерине ТҮРКСОЙ медалдары тапшырылды

5391370149597748303

Салтанаттын жүрүшүндө маданият жана искусство тармагындагы үзүрлүү эмгеги, ошондой эле фестивалды өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Өзбекстан мамлекеттик драма театрынын актрисасы, Өзбекстандын Эл артисти Азиза Бегматовага, Андижан облустук музыкалык драма театрынын директору Бекзод Хамидовго жана Кыргызстандын эл жазуучусу, драматург, эл аралык калыстар тобунун мүчөсү Жаныш Кулмамбетовго ТҮРКСОЙ медалы ыйгарылды.

Медалдарды ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев тапшырды. Ал эми уюмдун Өзбекстандагы өкүлү Шавкат Ортиков театр делегацияларынын жетекчилерине фестивалга кошкон салымы үчүн атайын ыраазычылык грамоталарын жана эстелик белектерин берди.

Баш байге Кыргызстанга ыйгарылды

Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхын жана маданий баалуулуктарын сахна аркылуу чагылдырган театр жамааттары сыйланган фестивалдын жыйынтыгында баш байге — «Гран-при» Кыргызстанга ыйгарылды.

Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

  • Эң мыкты спектакль (Гран-при): Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры — «Тагдыр жөнүндө ыр» (Ошко бир келип кетсең).
  • Эң мыкты режиссёр: Нурканат Жакыпбай — Астанадагы «Жастар» театрынын «Жибек» спектакли үчүн.
  • Тынчтык, гуманизм жана достук темасындагы эң мыкты спектакль: Түркмөнстандын Улуу Сапармурат Түркмөнбашы атындагы мамлекеттик академиялык драма театры — «Ак ат».
  • Эң мыкты сахналык пластика: Азербайжан мамлекеттик пантомима театры — «Иблис».
  • Эң мыкты инновациялык форма: Өзбекстан мамлекеттик драма театры — «Лейли менен Мажнун».
  • Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — эң мыкты кыска форматтагы спектакль: Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык драма театры — «Куса».
  • Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — тарыхый эс тутумду сахнада мыкты чагылдыргандыгы үчүн: Андижан облустук музыкалык драма театры — «Бабур: Сагыныч».

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин жергиликтүү өнөрпоздордун улуттук музыка жана бий өнөрүн камтыган концерттик программасы тартууланды.

Фестивалдын жабылыш аземинде V ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалы 2027-жылы Түркиянын Кайсери шаарында өткөрүлөрү жарыяланды.

Иш-чара түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, театр искусствосун өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү маданий аянтча катары жыйынтыкталды.

Медиа галереясы

(33)

Видео галереясы

(1)