Өзбекстандын Мамлекеттик драма театрынын «Лейли жана Мажнун» спектакли Андижанда көрсөтүлдү
Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын алкагында Өзбекстандын Мамлекеттик драма театры көрүүчүлөргө «Лейли жана Мажнун» (Илахий сүйүү дастаны) спектаклин тартуулады.
Алишер Навоинин белгилүү «Лейли жана Мажнун» дастанынын негизинде сахналаштырылган чыгарманын адабий кеңешчиси — Өзбекстандын эл жазуучусу Хайриддин Султан, ал эми көркөм жетекчиси — Алимжан Салимов.
Сүйүүнү адамды напсинин кулчулугунан бошотуп, руханий эркиндикке жеткирген күч катары чагылдырган спектаклде Мажнундун образы аркылуу адамдык сүйүүдөн илахий сүйүүгө карай руханий бийиктөө процесси көркөм тил менен берилет.
Спектаклдин сахналык чечими жана философиялык тереңдиги фестивалдын калыстар тобунун мүчөлөрүнүн кеңири талкуусуна да себеп болду.
Калыстар тобунун мүчөсү Гавхар Закирова спектаклдеги музыка менен сахна жасалгасынын өз ара шайкештигин белгилеп, аны Өзбекстандагы мыкты сахналык чыгармалардын бири катары баалады.
Ал эми Бейбит Бахтыгерейев спектаклде антикалык, мистикалык жана постдрамалык театрдын ыкмалары ийгиликтүү айкалышканын белгиледи. Ошондой эле суфизм философиясынын чагылдырылышын, актёрлордун жеке образдардан алыстатылып, жалпыланган көрүнүштө берилишин жана күзгүлөр менен кооздолгон бош мейкиндиктин колдонулушун жаңычыл философиялык чечим катары баалады.
Калыстар тобунун мүчөсү Нурхан Услу илахий сүйүү темасынын көрүүчүлөргө медитативдүү маанай аркылуу жеткирилишин жогору баалады. Фарида Жалилова болсо спектаклдин мугам операларын эске салган музыкалык түзүлүшүнө жана Мажнундун трагедиялуу тагдырынын терең ачылышына өзгөчө токтолду.
Жаныш Кулмамбетова чыгармада айрым учурларда тексттин басымдуулугу дене кыймылына негизделген сахналык аракеттерди көмүскөдө калтырарын белгилеп, сөз менен физикалык аракеттин ортосундагы тең салмактуулукту күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
Калыстар тобунун түркмөнстандык мүчөсү Агамырат Балтаев кесиптештери спектаклдин негизги өзгөчөлүктөрүнө толук токтолушканын белгилеп, акыркы бааны көрүүчүлөр берерин айтты. Анын пикиринде, көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары спектаклдин ийгилигин айгинеледи.
Терең суфийлик мазмуну, жаңычыл сахналык чечимдери жана философиялык талкууларга түрткү берген «Лейли жана Мажнун» спектакли IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын эң көп көңүл бурдурган чыгармаларынын бири болду. Ал театр сынчыларынын жана искусство сүйүүчүлөрүнүн эсинде өзгөчө таасир калтырды.