TÜRKSOY
22 октябрь 20261 мүн окуу

Мекен сагынычын чагылдырган «Бабур. Сагыныч...» спектакли Андижанда көрүүчүлөргө тартууланды

WhatsApp Image 2026-10-22 at 22.37.28 (4)

Өзбекстандын Андижан шаарында өтүп жаткан IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын алкагында драматург Усмон Азимдин калемине таандык «Бабур. Сагыныч...» аттуу тарыхый драма театр сүйүүчүлөрүнө тартууланды.

Спектаклде өзбек элинин тарыхындагы көрүнүктүү инсан Захириддин Мухаммад Бабурдун өмүр жолу баяндалат. Башкы каарман Бабурдун образын Зафарбек Сайбурханов жаратса, Мохимбегимдин ролун Малика Сатимова аткарган. Ошондой эле спектаклге Илхомжон Мусаев, Мурат Сатимов жана башка актёрлор катышкан.

Бабурдун туулган мекенине болгон чексиз сүйүүсүн негизги темага алган чыгармада анын өкүмдар жана акын катары гана эмес, географ, тарыхчы, табият таануучу жана ойчул катары да өзгөчөлүктөрү ачылып берилет. Спектаклде тарыхый окуялар аркылуу Бабурдун адамдык асыл сапаттары көркөм чагылдырылган.

Атап айтканда, анын душманы Ибрахим Лодинин энеси Малика Байду ага уу берүүгө аракет кылганына карабастан, Бабурдун аны эне катары кечиргени өзгөчө таасирдүү берилет. Ошондой эле мураскер уулу Хумаюн Мирза катуу ооруп калганда, анын өмүрүн сактап калуу үчүн Бабур өз жанын курмандыкка чалууга даяр болгону драмалык нукта баяндалат.

Улуу мамлекеттик ишмердин өз мекенине болгон терең сагынычын жана сүйүүсүн чагылдырган спектакль көрүүчүлөрдү мекенчилдик, адамгерчилик жана кечиримдүүлүк тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.

Медиа галереясы

(15)