IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын жабылышында көрсөтүлгөн «Тагдыр жөнүндө ыр» спектакли баш байгеге татыды
Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын жабылышында көрсөтүлгөн Кыргызстандын «Тагдыр жөнүндө ыр» (Ошко бир келип кетсең) спектакли фестивалдын башкы сыйлыгы — «Гран-при» (эң мыкты спектакль) байгесин жеңип алды.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры тарабынан сахналаштырылган чыгарманын автору — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиев, ал эми режиссёру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уланмырза Карыпбаев.
Эки саатка созулган драмалык спектакль көрүүчүлөрдү 1940-жылдардагы кыргыз айылындагы оор турмушка жетелейт. Саясий куугунтуктун, экологиялык көйгөйлөрдүн жана Экинчи дүйнөлүк согуштун кыйратуучу кесепеттеринин көлөкөсүндө өткөн адам тагдыры сахнада жандуу чагылдырылат. Чыгарманын өзөгүндө согуш учурунда немистерге туткунга түшүп, өмүрүнүн көп бөлүгүн бөтөн жерлерде өткөрүүгө аргасыз болгон Мукайдын тагдыры баяндалат.
Өз мекенинде негизсиз эле «чыккынчы» аталып, баш калкалаган өлкөлөрдө да дайыма «бөтөн адам» катары кабыл алынган Мукайдын жашоого болгон үмүтүн сактап калган бир гана нерсе бар. Ал — алыскы кыргыз айылында калтырган, убакыт менен аралыктын да өчүрө албаган таза сүйүүсү.
Согуштун ырайымсыздыгы адамдын жан дүйнөсүндө жараткан толгонуулар, мекенге болгон сагыныч жана сүйгөнүнө жете албоо сезими көрүүчүлөргө жөнөкөй, бирок жүрөккө терең жеткен көркөм тил менен берилет.
Калыстар тобунун талкуусунда курч атаандаштык болду
Фестивалдын жыйынтыгын чыгаруу учурунда калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда узакка созулган талкуулар жүрдү. Спектаклдин режиссёру Уланмырза Карыпбаев көп сандаган актёрлорду сахнада чеберчилик менен жетектеп, чыгарманын эмоционалдык мазмунун көрүүчүлөргө таасирдүү жеткире алгандыгы менен «Эң мыкты режиссёр» сыйлыгына негизги талапкерлердин бири болду.
Калыстар тобунун бир нече саатка созулган талкуусунун жыйынтыгында Карыпбаевдин режиссёрдук чеберчилиги жогору бааланып, спектакль фестивалдын эң башкы сыйлыгы — «Гран-приге» татыктуу деп табылды.
Ал эми курч атаандаштык менен коштолгон «Эң мыкты режиссёр» номинациясындагы сыйлык «Жибек» спектаклиндеги эмгеги үчүн Астанадагы «Жастар» театрынын өкүлү Нурканат Жакыпбайга ыйгарылды.
Театр өнөрүнүн чеберлери бир сахнада
Көркөм жана музыкалык чечимдеринин байлыгы менен айырмаланган спектаклдин сахна жасалгасын «Түрк дүйнөсүнүн мыкты театр сүрөтчүсү» наамынын ээси Садыр Ниязакунов даярдаган. Ал эми хореографиялык чечимдерин Санкт-Петербург шаарынан келген Резеда Гаянова иштеп чыккан.
Тажрыйбалуу актёрлордон турган чыгармачыл топто башкы каарман Мукайдын жаш кезин Илгиз Орозобек уулу, ал эми карыган курагын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Талант Апиев аткарды. Жамалдын образын Бегайым Асанакунова жаратса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айпери Кулбаева Кайберендин ролун аткарды.
Керимбек Калыкулов жетекчилик кылган Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын фестивалдын жабылышындагы бул таасирдүү спектакли Андижан шаарындагы театр сүйүүчүлөрүнүн купулуна толуп, көрүүчүлөр тарабынан узакка созулган кол чабуулар менен коштолду.