TÜRKSOY
19 октябрь 20262 мүн окуу

IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалы Андижанда салтанаттуу ачылды

WhatsApp Image 2026-10-19 at 20.07.40

2026-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Андижан шаарында IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалы 19-октябрда салтанаттуу түрдө ачылды. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан ачылыш аземи катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын жана өнөрпоздордун кызыл килемден өтүшү менен башталды.

Улуу Жибек жолунун маанилүү кесилиштеринин бири болгон Андижпн шаарындагы салтанатка ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Нодирбек Сайфуллаев, Андижан облусунун акиминин орун басары Рустамжон Эгамбердиев жана түрк республикаларынан келген көптөгөн театр ишмерлери катышты.

Раев: «Театр искусствосунун бириктирүүчү күчүнүн айланасында баш кошуп жатабыз»

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев Андижан шаары Фергана өрөөнүнүн чок ортосунда жайгашып, түрк элдерин бириктирген тарыхый жана руханий көпүрө болуп келгенин белгиледи. Ал Андижпн улуу мамлекеттик ишмер жана акын Захириддин Мухаммед Бабур менен белгилүү акын Чолпон өскөн куттуу жер экенин эске салып, бул аймактын тарыхый жана маданий маанисине токтолду. «Бүгүн Бабурдун тарых жана адабият менен, Чолпондун поэзия жана эркиндик идеялары менен байыган бул жеринде театр искусствосунун бириктирүүчү күчүнүн айланасында баш кошуп жатабыз. Фестивалдын түрк дүйнөсүндөгү маданий ынтымакты чыңдоого жана жалпы көркөм мурасыбызды байытууга баалуу салым кошушун каалайм», — деди Раев.

Сайфуллаев: «Достуктун жана искусствонун майрамы»

Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Нодирбек Сайфуллаев катышуучуларды куттуктап, төртүнчү ирет уюштурулуп жаткан фестивалдын Анжиянда өтүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын президенти маданиятка жана искусствого, өзгөчө театр өнөрүнө өзгөчө маани берет. «Акыркы жылдары өлкөбүздө эки жаңы театр, 20дан ашык маданий борбор жана 16 музей ачылды. Бүгүнкү күндө 40тан ашык мамлекеттик театр иш алып барууда. Фестивалдын негизги максаты — театр искусствосу аркылуу түрк элдеринин ортосундагы байыртадан келе жаткан достук жана бир туугандык байланыштарды мындан ары да чыңдоо. Достуктун жана искусствонун бул майрамында сиздерди кабыл алып жатканыбызга сыймыктанабыз», — деди Сайфуллаев.

Эгамбердиев: «Сиздер — өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем байланыштардын элчилерисиздер»

Андижан облусунун акиминин орун басары Рустамжон Эгамбердиев өз сөзүндө шаардын түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүн кабыл алып жатканына сыймыктанарын белгиледи. «Андижан шаары катары 2026-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деген макамга ээ болуп турган өзгөчө жылы боордош өлкөлөрдөн келген таланттуу өнөрпоздорду жергебизде тосуп алуу биз үчүн чоң сыймык. Кызыл килемден басып өткөн ар бир өнөрпоз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем байланыштардын элчиси болуп саналат. Бул фестиваль жалпы цивилизациябыздын күчүн, тарыхый тамырларыбызды жана бекем бир туугандыгыбызды бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу таанытат деп ишенем», — деди Эгамбердиев.

Фестивалдын ачылышында «Бабур: Сагыныч» спектакли көрсөтүлдү

Расмий сөздөрдөн кийин фестивалдын көшөгөсү Андижан театрынын «Бабур: Сагыныч» аттуу спектакли менен ачылды.

Драматург Усмон Азим жазган тарыхый чыгармада өзбек элинин улуу уулу, өкүмдар жана акын Захириддин Мухаммед Бабурдун мекенине болгон чексиз сүйүүсү чагылдырылган.

Спектаклде Бабурдун образын Зафарбек Сайбурханов жаратты. Чыгармада Бабурдун душманы Ибрахим Лодинин энеси Малика Байданы кечириши, ошондой эле мураскер уулу Хумаюн Мирза ооруп калганда анын сакайып кетиши үчүн өз жанын курмандыкка чалууга даяр болушу сыяктуу адамгерчиликтин бийик үлгүлөрү сахналаштырылды.

Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон спектакль соңунда залда жаңырган катуу кол чабуулар менен коштолду.

Медиа галереясы

(37)