TÜRKSOY
22 октябрь 20261 мүн окуу

Чебер актёр Алыкул Исаков Андижанда «Куса» аттуу моноспектаклин тартуулады

Orta IMG_5860

Өзбекстандын Андижан шаарында өтүп жаткан IV ТҮРКСОЙ эл аралык театр фестивалынын алкагында Токтогул Ажыбаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын «Куса» аттуу моноспектакли көрүүчүлөргө тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Каныбек Иманалиев жазган чыгарманын режиссёру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уланмырза Карыпбаев. Ал эми спектаклдеги жалгыз каармандын образын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алыкул Исаков жаратып, өзүнүн таасирдүү аткаруусу менен көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыды.

Энеге болгон урмат-сыйды даңазалоону негизги идеясы катары алган чыгарма эне менен баланын ортосундагы сүйүүнүн түбөлүктүүлүгүн баяндайт. Анда адамзаттын уланып, муундан муунга өтүшү дал ушул ыйык сезимдин урпактардын жүрөгүндө сакталышына байланыштуу экени баса белгиленет.

Адамзаттын жашоосун улантууда атанын орду чоң болгону менен, муундарды сактап, алардын өмүрүнө маани берген эне жүрөгүнүн күчү өзгөчө бийик экени спектаклдин драмалык баяны аркылуу терең чагылдырылат.

Сахнада жалгыз өзү өнөр көрсөткөн чебер актёр Алыкул Исаков эненин улуу сүйүүсүн жана жан аябастыгын таасирдүү аткаруусу менен көрүүчүлөрдү арбап алды. Анын чеберчилиги фестивалдын катышуучуларына өзгөчө толкундануу тартуулап, эненин ыйык мээрими тууралуу терең ойго салды.

Медиа галереясы

(11)