― 8 ноября 2024 г.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн IX Эл аралык театр фестивалында Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасы коюлду
Мухтар Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театры уюштурган Борбор Азия өлкөлөрүнүн IX Эл аралык театр фестивалында Кыргызстан Мамлекеттик “Учур” жаштар театры дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестин койду.
Чыгарманы чымкенттик театр сүйүүчүлөрү кызыгуу менен көрүштү, ал эми калыстар тобу оюнга өздөрүнүн татыктуу баасын беришти.
Чынгыз Айтматовдун 1957-жылы жазылган “Бетме-бет” повести Экинчи дүйнөлүк согушта аскерден качып, айылына жакын жердеги үңкүргө жашынып жашоого мажбур болгон Ысмайылдын тагдыры жана анын аялы Сейденин башынан өткөргөн драмалык дилеммага негизделген.
Драманын режиссёру Шамил Дыйканбай окуяны театралдык чечмелөөдө эне мотивине басым жасап, Ысмайыл менен карыган эненин ортосундагы мамилени ачууга аракет жасайт.
Фестивалдын калыстар тобунун жетекчиси, белгилүү казак театр жана кино актёру Асанали Ашымов Ысмйылдын ролун аткарган Алмаз Сейитканов менен Ысмайылдын жубайы Сейденин ролун аткарган Нургиза Чекшенованын актёрдук талантын жогору баалады. Таланттуу жаштарды тарбиялаганы үчүн Кыргызстан Учур театрынын режиссёру Шаршен Шейшеновго алкышын айтты.
Фестиваль 11-ноябрга чейин уланып, түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү театрлары Чымкентте искусство сүйүүчүлөр менен жолугуша алышат.