TÜRKSOY

ТАРЫХЫ

ТҮРКСОЙ түрк дүйнөсүндө түзүлгөн эң алгачкы эл аралык маданий кызматташтык уюму; 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия Республикасынын маданият министрлери тарабынан кызматташтык келишимине кол коюлуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түзүлгөн.

Кийин бул уюмга байкоочу мүчө катары Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Россия Федерациясына караган Татарстан, Башкырстан, Алтай, Саха, Тыва жана Хакас Республикалары, ошондой эле Молдовадагы Гагаузия да кирген. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түзүлгөн күндөн тартып, түрк элдеринин бир туугандыгын жана биримдигин бекемдөө, жалпы түрк маданиятын сактоо, аны келечек муундарга өткөрүү жана дүйнөгө таанытуу вазыйпасын аткарып келет.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк дүйнөсүндөгү маданий байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылуу ишинде жогорку баага татып келет жана түркий элдердин маданиятын дүйнөгө жайылтуу ишин түрк тилдүү мүчө мамлекеттердин жардамы менен ишке ашырууда.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ишмердиги мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринен турган Туруктуу кеңеш аркылуу аныкталат. Туруктуу кеңештин отурумдарында кабыл алынган чечимдер ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы тарабынан аткарылат.

ТҮРКСОЙ өз ишин Түркий мамлекеттер уюму, Эл аралык түрк академиясы, Түркиянын парламенттер ассамблеясы жана Түрк маданий фонду сыяктуу бир тууган уюмдар менен бирге алып барат. Ошондой эле ТҮРКСОЙ көптөгөн муниципалитеттер, университеттер, мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып барып, эл аралык ЮНЕСКО жана ИСЕСКО сыяктуу уюмдардын иш принциптерин жана максаттарын кошо бөлүшөт жана алар менен кызматташат.