СУЛТАН РАЕВ
1958-жылы Кыргызстанда туулган. ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин бир добуштуу чечими менен 2022-жылдын 31-мартында ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынында ТҮРКСОЙдун Баш катчысы болуп шайланган. Султан Раев 1984-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган жана ал улуттук гезиттердин башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министринин орун басары, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын президенти, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри болуп жооптуу кызматтарды ээлеген. ТҮРКСОЙдун Баш катчысы болуп дайындалганга чейин Султан Раев Түркий мамлекеттер уюмунун Баш катчысынын орун басары кызматын ээлеген.
Султан Раев көрүнүктүү маданий ишмер. Ал өзүнүн коомдук жана мамлекеттик карьерасы менен катар чыгармачыл ишмердигин улантып, көптөгөн көркөм адабий чыгармаларды - роман, повесть, аңгеме, ыр, публицистикалык чыгарамларды жараткан. Султан Раевдин чыгармалары дүйнөнүн бир катар (англис, кытай, түрк, орус, украин, өзбек, казак, мажар) тилдерине которулуп, өз окурмандарын табууда. Ал эми драмалык чыгармалыры Кыргызстандан тышкары дүйнө театрларында (Англияда, Иранда, Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Татарстанда (РФ) коюлуп келет.
Султан Раев – Кыргызстандын Эл жазуучусу, маданиятка сиңирген эмгеги, эл аралык маданий алаканы жакындатууга кошкон салымы үчүн көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.
Казакстан Республикасынын Президентинин чечими менен “Биримдик” Ардак медалы менен сыйланган.
Туулган жери жана жылы: Кыргызстан, 1958
Үй-бүлө абалы: үй-бүлөлүү
Билими: Кыргыз мамлекеттик университети, Журналистика факультети
Чет тилдери: Орусча, түркчө, англисче.
ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫ
2020-2022 Түркий мамлекеттер уюмунун Баш катчысынын орун басары
2017-2020 Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында КРнын Президентинин кеңешчиси
2016-2017 Тарых жана маданият жылынын Башкы директору
2013-2014 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри
2011-2013 Кыргыз Республикасынын Преезидентинин кеңешчиси, UNESCO иштери боюнча Улуттук комиссиянын башчысы
2007-2010 Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри
2006-2007 Кыргыз Республикасынын Маданият министри
2005-2006 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы
2004-2005 Маданиятты жана искусствону колдоо коомдук фондунун президенти
2002-2004 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министринин орун басары
1991-2002 “Кыргыз Руху” газетасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору
1989-1991 “Асаба” газетасынын башкы редакторунун орун басары
1984-1989 “Кыргызстан маданияты” газетасынын кабарчысы
1979-1984 Журналистика факультети, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети
1977-1979 Аскер кызматы
1975-1977 Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык станциянын инструктору
НААМДАРЫ
КРнын Эл жазуучусу (2011)
КРнын Маданиятынынын эмгек сиңирген ишмери (2008)
КРнын мамлекеттик кызматынын II класстагы Мамлекеттик кеңешчиси (2005)
КРнын мамлекеттик кызматынын III класстагы Мамлекеттик кеңешчиси (2003)
ЧЕТ ЭЛДИК МАМЛЕКЕТ БАШЧЫЛАРЫ ТАРАБЫНАН ЫЙГАРЫЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ
“Биримдик” алтын медалы (Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаев, 2021)
“Чынгызхан” медалы (Монголоия Президенти, 2006)
БАШКА УЛУТТУК ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫКТАРЫ
Генрик Сенкевич атындагы Эл аралык сыйлык. Швеция, 2019
Чынгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык. Бишкек, 2019
ТҮРКСОЙ медалы. Анкара, 2018
Евразия сыйлыгы. Москва, 2017
“Жибек жолу” Эл аралык сыйлыгы. Пекин, 2012
“КМШ жылдыздары” Мамлекеттик сыйлыгы. Москва, 2010
Ломоносов сыйлыгы. Москва, 2009
“Алтын роза” сыйлыгы. Грузия, 2008
Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык. Бишкек, 2005
Токтоболот Абдумомунов атындагы Мамлекеттик сыйлык. Бишкек, 1991
ЧЫГАРМАЛАРЫ
Чаң жол (аңгеме). Бишкек, 1988
Күн кармаган бала (повесть). Бишкек, 1991
Ханышанын көз жашы (драма). Бишкек, 2008
Аптанын бешинчи күнү (аңгеме). Анкара, 1991
Weeping of the Queen (драма англ. тилине которулган). Лондон, 2011
Корона (повесть). Москва, 2012
Жанжаза (роман). Бишкек, 2013
Кара (роман). Лондон, 2015
Антистандарт (ырлар жыйнагы). Бишкек, 2016
Топон (роман). Бишкек, 2018
Пятый день недели (аңгеме). Бишкек, 2017
Пусу (аңгемелер жыйнагы жана повесть). Бишкек, 2019
Илегилек (драма). Бишкек, 2019
Потоп (роман). Москва, 2019
Тumarhane (роман). Анкара, 2018
Zhanzhazа (роман). Астана, 2019
ДРАМАЛАРЫ:
Oo, Кыздар. Реж. Н.Абдыкадыров. 1990, Тунгуч театры, Бишкек
Күн кармаган бала. Реж. А.Сарлыкбеков. 1990, Нарын драма театры
Дубал. Реж. Р.Усманов. 1992, Жалал-Абад театры
Аял. Реж. А.САрлыкбеков. 1993, Жаштар театры, Бишкек
Кашар. Реж. С. Раев. 1998. Нарын драма театры
Тайамам. Реж. Н.Абдыкадыров. 1999, Тунгуч тетары, Бишкек
Исхак Раззаков. Реж. С.Раев. 2000, Ош кыргыз драма театры
Ханышанын көз жашы. Реж. С.Раев. 2001, Тунгуч театры, Бишкек
Меккеге карай узак жол. Реж. Б. Абдуразаков. 2011, Учур театры, Бишкек
Суфлер. Реж. С.Раев. 2015, Жаштар театры, Бишкек
Weeping of the Queen. Реж. С.Раев. 2001, The Space театры.Лондон
Илегилек. Реж. С.Раев. 2016, Учур театры, Бишкек
Маң. Реж. С.Раев. 2018, M. Рыскулов атындагы Нарын академиялык драма театры.
СЦЕНАРИЙЛЕРИ
“Курманжан датка” көркөм фильми, 2014 (орток сценарист)
“Акыркы күн” ТВ фильми, 2001 (сценарист, фильм директору)
“Агай” документалдык фильми, 2016 (сценарист, фильм директору)
“Аял”. Көркөм фильм 2007 (режиссер-сценарист)