― 1 декабря 2024 г.
Улуу акын Ажинияз Косыбайдын 200 жылдыгы Түркияда белгиленет
2024-жылдын 2-5-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында Эл аралык ТҮРКСОЙ Түрк маданияты уюму Стамбул университети менен биргеликте каракалпак элинин атактуу акыны Ажинияз Косыбай уулунун туулганынын 200 жылдыгына байланыштуу «Ажинияз: Руханий дүйнөнүн акыны» аттуу конференция өткөрөт. Программанын алкагында Стамбул шаарынын Бакыркөй муниципалитетинин концерттик залында өзбек жана каракалпак сахна чеберлери Өзбекстан мамлекеттик филармониясынын Каракалпакстан бөлүмүнүн артисттеринин катышуусунда «Ажинияздын ырларынан ырдайлы» аттуу концерттик программа берет.