― 5 июня 2026 г.
Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана эл аралык поэзия фестивалы өттү.
Бишкек шаарында кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, акын жана котормочу Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси жана эл аралык поэзия фестивалы өткөрүлдү.
Түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасын даңазалоо максатында уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Марат Тагаев, Кыргызстан Жазуучулар союзу төрагасы Каныбек Иманалиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Түркиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген коноктор, белгилүү акын-жазуучулар, маданият ишмерлери жана интеллигенция өкүлдөрү да иш-чарага катышышты.
«Күн, Жер, Жүрөк» чыгармасы түрк окурмандарына сунушталды
Кеченин маанилүү учурларынын бири катары Турар Кожомбердиевдин «Күн, Жер, Жүрөк» аттуу китебинин түрк тилиндеги басылышынын бет ачары болду. Китеп ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен түрк тилине которулуп, түрк дүйнөсүнүн окурмандарына сунушталды.
Бул басылма аркылуу акындын чыгармалары кеңири окурман катмарына жетип, түрк элдеринин орток адабий мурасын жайылтууга салым кошору белгиленди. Катышуучулар бул демилге түрк элдеринин маданий жана адабий байланышын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгилешти.
Акындын руханий мурасына жогору баа берилди
Жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөр Турар Кожомбердиевдин кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын чыгармачылык мурасы түрк дүйнөсү үчүн баалуу руханий казына экенин айтышты.
Акындын мекенчилдикти, адамгерчиликти, эмгекчилдикти жана бийик адеп-ахлактык баалуулуктарды даңазалаган чыгармалары бүгүнкү күндө да жаш муундарды тарбиялоодо өз маанисин жоготпогону белгиленди.
Мааракелик иш-чаранын алкагында боордош түрк мамлекеттеринен келген акындардын катышуусунда Эл аралык поэзия фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга катышкан калемгерлер Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгы түрк элдеринин адабий жана маданий байланыштарын бекемдөөдөгү маанилүү көпүрө болуп кызмат кылып жатканын белгилешти.
Иш-чаранын соңунда фестивалдын өткөрүлүшүнө жана түрк элдеринин адабий мурасын жайылтууга салым кошкон катышуучуларга, уюштуруучуларга жана маданият өкүлдөрүнө ТҮРКСОЙ тарабынан эстелик медалдар, ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Белгилей кетсек, «Күн, Жер, Жүрөк» китебин Түркия түркчөсүнө Кыргызстан-Түркия Манас университетинин окутуучусу Мухиттин Гүмүш которгон.