HGhsZs4XAAAJXXD
22 апреля 2026 г.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раевдин 23-Апрель – Улуттук эгемендик жана балдар майрамына карата куттуктоосу

22 апреля 2026 г.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раевдин 23-Апрель – Улуттук эгемендик жана балдар майрамына карата куттуктоосу

23-Апрель — бул бир гана Түркия Республикасынын эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөдөгү бардык балдардын майрамы. Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн балдарга болгон бекем ишеними жана аларга берген жогорку баасы бүгүн да биз үчүн жол көрсөтүүчү бойдон калууда. Бул маанилүү күн балдардын сүйүү, үмүт жана боордоштук маанайда тарбияланышы канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эске салат.

ТҮРКСОЙ катары биз жалпы маданий мурасыбызды сактоо жана аны кийинки муундарга жеткирүүдө балдарыбыз менен жаштарыбыздын ордун жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан алардын искусство, адабият жана орток баалуулуктар негизинде тарбияланышы үчүн иштерибизди улантып келебиз. Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында жашаган балдардын ортосунда руханий көпүрөлөрдүн курулушуна, достуктун бекемделишине жана жалпы келечек тууралуу түшүнүктүн калыптанышына өзгөчө көңүл бурабыз.

Ушул ой-тилектер менен, биринчи кезекте Түркия Республикасынын сүйүктүү балдарын, ошондой эле бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөнүн бардык балдарын 23-Апрель – Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Балдарыбыздын тынчтыкта, боордоштукта жана ынтымакта өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ата-энелерге жана мугалимдерге ыраазычылык билдирем.

Жашасын түрк дүйнөсү!

Султан Раев
ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган