― 27 ноября 2024 г.
ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев БУУнун Цивилизациялар альянсынын Достор тобунун жыйынында сөз сүйлөдү
ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев Португалиянын Кашкайш шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын (UNAOC) Х Глобалдык форумунун алкагында өткөн «Достор тобунун Жогорку деңгээлдеги министрлер жолугушуусунда» маанилүү билдирүүлөрдү жасады.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Башкы катчы Султан Раев Цивилизациялар альянсынын быйылкы “Тынчтыкта биригүү: ишенимди калыбына келтирүү, келечекти кайра түзүү” аттуу темасы ТҮРКСОЙдун миссиясы жана Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарына туура келерин баса белгиледи.
Султан Раев Түрк дүйнөсүнүн Чыгыш Европадан Орто Азияга чейин созулган кең географиясы, аймактын жалпы тарыхы, маданияты жана баалуулуктары маданияттар ортосуна көпүрө болуп, жалпы адамзаттын глобалдык түзүлүшүнө салым кошуп келерин айтты.
Маданият - туруктуу тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи
Султан Раев ТҮРКСОЙ маданияттын, билим берүүнүн жана кызматташтыктын өзгөртүүчү күчүнө ишенерин билдирди. Ошондой эле, ал уюмдун орток мурас байлыгын даңазалаган демилгелери мүчө өлкөлөрдүн биримдигин жана кызматташтыгын бекемдеп турат деп, бул аракеттер маданияттын ролу туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн канчалык маанилүү экенин айтты.
Башкы катчы Түрк дүйнөсүнүн 2040 көз багыты тууралуу сөз кылды. Бул багыт түрк дүйнөсүнүн лидерлеринин мындан да күчтүү бирге келечек үчүн жамааттык милдеттенмелери экенин белгиледи.
Маданият, билим берүү, технология жана дипломатия сыяктуу тармактарда терең кызматташтыкты көздөгөн бул багыт «Биз бирге күчтүүбүз» деген реалдуу чындыкты чагылдырып турат, - деп белгиледи баш катчы.
"Диалог - бул вариант эмес, ал зарылдык”
Султан Раев диалог глобалдык чакырыктарга каршы туруп, аны жеңүү жана келечек муундар үчүн бейпил дүйнөнү курууда өтө маанилүү фактор экенин баса белгиледи. Түрк дүйнөсү диалогду салт катары көрөрүн жана бул салттын тамыры аймактын тарыхына негизделгенин баса белгиледи.
Баш катчы Португалиянын өкмөтүнө меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди жана жана UNAOC Жогорку Өкүлү Мигель Анхел Моратиносту жана анын командасын бул маанилүү иш-чараны татыктуу уюштуруп, өткөргөнү менен куттуктады.
Кашкайш шаарында өткөн бул форум маданий көп түрдүүлүккө жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген орток чечимдерди иштеп чыгуу үчүн дүйнө жүзүндөгү лидерлерге диалог аянтчасын камсыз кылуу ишин улантууда.