DSC_0041
17 февраля 2026 г.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгында «Афганистан (Түштүк Түркстан) түрктөрүнүн маданият күнү» белгиленди

17 февраля 2026 г.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгында «Афганистан (Түштүк Түркстан) түрктөрүнүн маданият күнү» белгиленди

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун  Башкы катчылыгында 2026-жылдын 17-февралында «Афганистан  түрктөрүнүн маданият күнү» өткөрүлдү.

Иш-чара сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр менен башталды. Афганистан  түрктөрүнө таандык салттуу оймо-чиймелер, токуу үлгүлөрү жана маданий символдор коноктордун назарына сунушталды. Андан соң аймакты тааныткан кыска видео тасма көрсөтүлдү.

Султан Раев: «Афганистан – түрк-ислам цивилизациясынын руханий жана тарыхый борборлорунун бири»

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев Афганистан  түрк-ислам цивилизациясынын тарыхында өзгөчө орунга ээ экенин баса белгиледи. Ал бул жерлер саясий тарыхы менен гана эмес, илим, искусство жана адабият тармактарында да түрк дүйнөсүнүн маанилүү борборлорунун бири болгонун айтты. Газне жана Герат сыяктуу шаарлар кылымдар бою маданият жана илим очогу болуп келгенин белгилеген Раев маданий эстутумду сактоо улуттук өзүнчөлүктү бекемдөөнүн негизги фактору экенине токтолду.

Раев Афганистан түрктөрүн түшүнүү тарыхый окуяларды билүү менен гана чектелбестен, бул аймакта калыптанган маданий рухту аңдоону да талап кыларын белгилеп: «Цивилизация уланмалуулук менен жашайт; эстутум сакталса, улуттук кимдик бекемделет», – деди. Ошондой эле ал маданий кызматташуунун маанисине токтолуп, мындай пиш-чаралар түрк дүйнөсүнүн ичинде ынактык көпүрөлөрүн бекемдей турганын белгиледи.

Проф. д-р Рухи Эрсой: «Маданий кимдик – улуттун стратегиялык таянычы»

Ахмет Жеват институтунун төрагасы проф. д-р Рухи Эрсой Афганистан түрктөрү тарых бою ар кандай саясий процесстерден өткөнүнө карабастан, өз маданий кимдигин сактап кала алганын айтты. Маданият өткөнгө гана тиешелүү мурас болбостон, келечекти куруучу стратегиялык күч экенин баса белгилеген Эрсой түрк дүйнөсүндө жалпы тарыхый аң-сезимди чыңдоонун маанисине токтолду. Ал илимий изилдөөлөр жана маданий иш-чаралар бул аң-сезимдин институционалдык деңгээлде бекемделишине салым кошорун кошумчалады.

Абдуррахим Масуми: « Афганистан – түрк маданиятынын тирүү булагы»

Өз-Түркстан маданият, билим берүү, изилдөө жана стратегия коомунун төрагасы Абдуррахим Масуми Афганистан түрктөрүнүн жашаган  аймак тарых бою түрк маданиятынын маанилүү борборлорунун бири болгонун белгиледи. Аймактагы түрк жамааттары тилдерин, салттарын жана маданий баалуулуктарын чоң курмандыктар менен сактап келгенин айткан Масуми маданий тилектештикти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле диаспорадагы түрк жамааттарынын бул процесске активдүү катышуусунун маанисине токтолду.

М. Хашим Хамдам: «Тил жана маданият – биздин улуттук тирегибиз»

Түркстан элдери билим берүү, маданият жана жардамдашуу коомунун төрагасы М. Хашим Хамдам Афганистандагы түрк жамааттары өзгөчө тил жана билим берүү тармагында кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты. Ал түрк диалекттерин сактоо жөн гана байланыш куралы эмес, улуттук кимдигибиздин негизи экенин белгилеп, жаш муундарды эне тилди түшүнүү жана урматтоо менен тарбиялоо өтө маанилүү экенин айтты.

Райла Достум: «Кадимки мурасыбызды келечек муундарга жеткирүү – жалпы милдетибиз»

Достум фондунун төрайымы Райла Достум Афганистан түрктөрүнүн тарыхый жана маданий мурасын сактоо жалпы жоопкерчилик экенин белгиледи. Маданий иш-чаралар коомдук ынтымакты бекемдей турганын айткан Достум аялдардын жана жаштардын маданий процесстерге активдүү катышуусунун маанисине токтолду. Ал түрк дүйнөсүндөгү тилектештик жана кызматташтык Афганистан түрктөрү үчүн моралдык жана руханий күч булагы экенин билдирди.

Иш-чаранын панелдик бөлүгүндө д-р Ахмет Жавит Түркоглу «Афганистан түрктөрү: тарыхтан бүгүнкү күнгө чейин» аттуу баяндамасы менен тарыхый негиздерге баа берди. Доцент д-р Азизуллах Арал болсо “Афганистанда түрк тилинин азыркы абалы” аттуу баяндамасында аймакта сүйлөнгөн түрк диалектилерин сактоонун маанисине токтолду.

Иш-чара “Чилле кечеси (Шеб-и Йелда)” темасындагы үнсүз театр көрсөтүүсү, эстелик белектерди тапшыруу жана жамааттык сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

Медиа галереясы

DSC_9994
DSC_9982
DSC_9990
DSC_9961
DSC_9973
DSC_9955
DSC_9950
DSC_9941
DSC_9944
DSC_9928
DSC_9938
DSC_9897
DSC_9926
DSC_9895
DSC_9891
DSC_9886
DSC_9872
DSC_3965
DSC_3972
DSC_3941
DSC_3951
DSC_3918
DSC_3925
DSC_3911
DSC_0064
DSC_0049
DSC_0060
DSC_0041
DSC_0045
DSC_0033
DSC_0027
DSC_0005
DSC_0013

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган