Yakup Ömeroğlu Anma
30 октября 2024 г.

ТҮРКСОЙдо Якуп Өмероглуну эскерүү жыйыны өттү

30 октября 2024 г.

ТҮРКСОЙдо Якуп Өмероглуну эскерүү жыйыны өттү

Евразия Жазуучулар бирлигинин  негиздөөчүсү, докт.  Якуп Өмероглунун жаркын элесин  түрк дүйнөсүн сүйүүчүлөр ТҮРКСОЙдо эскеришти. 

Түрксойдун башкы катчылыгынын жыйындар залында өткөн эскерүү аземине Баш катчы Султан Раев, Евразия Жазуучулар союзунун төрагасы Уфук Тузман, Али Акбаш, Өмер Кайыр жана коноктор катышты.

Эскерүү жыйынында Түрксойдун Башкы катчысы Султан Раев сөзүн «Кымбаттуу досум жана кесиптешим Йакуп» деген кайрылуу менен баштап, Өмероглу менен жыйырма жылдан бери келе жаткан достугун эскерди. Якуп Өмероглунун орток түрк дүйнө маданияты үчүн жасаган эмгегин эскерди:  « ...бүгүнкү күнү Якуп Өмероглунун эмгеги өз жемишин берип, орток түрк дүйнө адабиятынан беш жүздөн ашуун чыгарма түрк тилине которулуп, түрк элине  таанылды»,- деди ал. Ал китептердин катарында жеке өзүнүн  да чыгармалары Якуп Өмероглунун аракети менен түрк тилине которулуп, Бенгү басылмасынан чыкканын Султан Раев айтты жана Түрк дүйнөсү өз ишине берилген асыл уулунан айрылды, бирок анын эмгеги түбөлүк, -деди.  

Мен анын жеке өзү, өзүнүн карьерасы үчүн иштегенин көргөн жокмун. 

Султан Раев жүрөктөн чыккан сөзүн улады: «Бир тууганым Якуп дүйнөдөн өттү, бирок артында чыныгы аны сыйлаган, сүйгөн достору, жакшы иштери калды. Бүгүн биз Түрксойдун түндүгү астында Түркия эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү таанып билген, бүтүн түрк эли жакшы көргөн Якуп Өмероглунун жаркын элесин эскерип жатабыз.  

Өлүм Кудайдын буйругу.

Йакуп иним өзүнүн жакшы ахлагы жана туура иштери менен жаратканга барды.

«Орток түрк дүйнөсүнүн маданияты үчүн жасаган эмгегиңиз түбөлүк эсте калат,  кымбаттуу иним Якуп. Элиңизге кылган жакшы иштериңиз ар дайым жүрөгүбүздө жашайт. Якуп Өмероглу иним, элесиңиз, ойлоруңуз жана чыгармаларыңыз ар дайым биз менен болот. Жаныңыз жаннатта болсун», -деп сөзүн  аяктады. 

Эскерүү жыйынында сөз сүйлөгөн Евразия жазуучулар биримдигинин төрагасы Уфук Тузман, акын Али Акбаш жана Өмер Кайыр да Якуп Өмероглуну эскерип,  жүрөктөн чыккан сөздөрүн айтышты.   

Эскерүү жыйыны Якуп Өмероглунун жубайы Хавва Өмероглунун ыраазычылык сөзү жана чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

Медиа галереясы

İlzyeneler Ömeroğlu anma.JPG
Sultan Raev Ömeroğlu anma.JPG
Sayit Yusuf.JPG
DSC_1612
DSC_1619
DSC_1607
DSC_1604
DSC_1594
DSC_1591
DSC_1585
DSC_1582
DSC_1574
DSC_1578
DSC_1566
DSC_1571
DSC_1555
DSC_1552
DSC_1549
DSC_1546

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган