DSC06768.JPG
29 ноября 2024 г.

ТҮРКСОЙдо Түркмөнстан күнү өттү

29 ноября 2024 г.

ТҮРКСОЙдо Түркмөнстан күнү өттү

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму Түркмөнстандын Анкарадагы элчилиги менен биргеликте Түркмөнстандын Президенти Улуу Даражалуу Сердар Бердымухамедовдун «Анев миңдеген жылдарда калыптанган маданият» аттуу китеби, Түркияда алгачкы ирет басылып чыккан «Махтумкулу Диваны», «Махтумкулу Фираки» белек китеби жана «ТҮРКСОЙ» журналынын Түркмөнстанга  арналган атайын саны менен тааныштыруу жыйыны болуп өттү. 

Жыйындын ачылышын ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раевдин куттуктоо сөзү менен   баш катчынын орун басары Сайит Юсуф  баштады. Ал ТҮРКСОЙ таанытуу жана жайылтуу   максатында өткөргөн ар бир илимий эмгектин   өзгөчө орудун ээлегендигин баса белгиледи. Сайит Юсуф  түркий улуттардын жалпы адамзат маданиятына кошкон салымы эбегейсиз зор экенин белгилди: «Махтумкулу бул түркий кенчти кургандардын бири. Бүгүн биз, улуу акын жана ойчул Махтумкулунун урпактары,  кылымдар өтсө да, бул китеп борборуна  чогулуп, маданиятыбыздын жаңы бир барактарын жаратуудабыз. Ушундай бай цивилизациянын өкүлү болгонума сыймыктанам, Махтумкулу Фиракини окуган сайын суктануум күчөйт, Юнус Эмрени, Мевлананы окугандай болом. Бүгүн ушул ыйык түндүк астында орток маданий дүйнөдөн  жаралган улуу Махтумкулуну эскерип жатып, ушуларды айткыным пайдалуу дейм. ТҮРКСОЙ өзүн түрк сезгендердин орток уюму жана орток үйү»,- деди ал. 

“Махтумкулу жолубузга нурун чачсын”,-

деп сөзүн улады Сайит Юсуф. Ал ТҮРКСОЙ Түркмөнстан менен бирге 2024-жылы Махтумкулу Фираки жана Аневдин Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору  жылына байланыштуу бир катар  тарыхый жана зор маданий мааниге ээ иш-чаралар өткөргөнүн, о.э. түркий маданиятты академиялык изилдөө  иштери боюнча да бир топ салым кошконун айтты.

Түркмөнстандын Анкарадагы элчиси Мекан Ишанкулиев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Түркмөнстандын Президенти Улуу Даражалуу Сердар Бердымухамедовдун жеке өзү жазган «Анев миңдеген жылдарда калыптанган маданият» аттуу китебинин маанисине көңүл бурду. Түркмөнстандын Анев шаары тамыры терең түркмөн тарыхынын негизин түзөрүн белгиледи.  Махтумкулу Фираки көп тилде сүйлөп, жаза билсе да, ырларында колдонгон түшүнүктүү тил адегенде түркмөн элинин, орток түркий маданий кенчти ачып бергендигин баса белгиледи. 

Башкы катчы Султан Раевдин билдирүүсү

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев  китеп таанытуу жыйынына кайрылуу жолдоду. Ал Улуу урматтуу Түркмөнстан Президенти Сердар Бердымухаммедовдун калемине таандык  «Анев миңдеген жылдарда калыптанган маданият»  китебинин түркмөн маданияты жана тарыхы үчүн зор мааниге ээ экенин айтып, бул китепти түрк тилине которгон доц., докт. Бердисарыев жана Мерве Гүнгө ыраазычылык билдирди. 

«Түрк дүйнөсүн сүйгөн маркум доктор. Химмет Бирай тарабынан даярдалган «Махтумкулу Диваны»  абдан баалуу булак китеп. Бул Түркияда Махтумкулунун диванына байланыштуу биринчи жана эң маанилүү изилдөө. Түркмөн элинин адабий мурасын сактап, Махтумкулунун философиялык тереңдигин, тил чеберчилигин ачып берген бул сейрек эмгекти кайра басып чыгарып,  ТҮРКСОЙ абдан маанилүү маданий кызмат аткарды.

Өмүрдөн эрте кеткен докт. Химмет Бирай тарабынан даярдалган бул эмгек Махтумкулу Фиракинин ойлорун сактап калууга, аны жайылтууга  жана түрк дүйнөсүнүн маданий байланыштарын дагы да чыңдоого жардам берди. Бул жерден мен урматтуу Химмет Бирайдын жубайы Нергис айымга жана кызы Бенгисуга да ыраазычылык билдиргим келет.

Экинчи эмгек докт. Абдурахман ГУЗЕЛ, докт. Берди САРИЕВ жана докт.  Эмрах ЙЫЛМАЗ даярдаган Махтумкулунун жашоосу, чыгармачылыгы жана түрк дүйнөсүндөгү орду тууралуу белек китеби. 

Махтумкулу Фиракинин кылымдарды басып өтүп, бүгүнкү күнгө чейин жеткен өнөрүн, анын чыгармаларында топтолгон ой-санаасын камтыган бул изилдөөлөр улуу акындын түркий  элдерди  бириктирүүчү күчүнүн ар кырынан кабар берет. 

ТҮРКСОЙ журналынын акыркы саны Махтумкулу Фиракиге  арналган атайын сан болушун өзгөчө кааладым. Акырында ТҮРКСОЙ журналынын атайын санына Түркиядан, Түркмөнстандан жана Түрк дүйнөсүнөн көптөгөн ысымы таанымал, белгилүү илимпоздор изилдөө макалаларын жазып, Махтумкулу Фиракини түрк дүйнөсүнө түрдүү өңүттөн түшүндүрүштү.

ТҮРКСОЙ журналынын Махтумкулу Фиракига арналган атайын чыгарылышы быйыл аткарылган иштердин арасындакы эң баалуу иш экени талашсыз.

Махтумкулу Фираки элине, адамзатка адилеттүүлүктү, сүйүүнү, чындыкты насаат кылган. Анын калтырган мурасы түркмөн эли үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн жарык булак», - деди баш катчы Султан Раев. 

Ошондой эле, ал  ТҮРКСОЙ аткарып жаткан маданий кызматтардын азыркыга жана келечек үчүн маанисине токтолду.

Китептин бет ачар аземи белек тапшыруу жана сүрөткө түшүү менен аяктады. 

 

Медиа галереясы

DSC06779.JPG
DSC06829.JPG
DSC06768.JPG
DSC06823.JPG
DSC06803.JPG
DSC06793.JPG
DSC06806.JPG
DSC06805.JPG
DSC06812.JPG
DSC06813.JPG
DSC06789.JPG
DSC06774.JPG
DSC06773.JPG
DSC06770.JPG
DSC06768.JPG
DSC06766.JPG
DSC06767.JPG

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган