― 16 февраля 2026 г.
ТҮРКСОЙдо түркмөн кино өнөрүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү
ТҮРКСОЙ жана Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилигинин кызматташуусу менен уюштурулган «Тарыхтан бүгүнгө узаган түркмөн киноcу» аттуу эл аралык панель жыйыны болуп өттү.
ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгында өткөрүлгөн жана Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарага Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамырадов, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекан Ышангулыев, Эге университетинин проректору проф. д-р Мехмет Эрсан, Түркмөнстандын Телерадио жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Аннасахет Какаев, Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын төрага орун басары Сахысалых Байрамов, Эл аралык кино ассоциациясынын төрагасы Назиф Тунч, ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданий өкүлдөрү, окумуштуулар, кино ишмерлери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Иш-чара Түркмөнфильмдин жүз жылдык кино мурасын жана ТҮРКСОЙдун түрк дүйнөсүндөгү маданий кызматташтык миссиясын чагылдырган таанытуу тасмаларын көрүү менен башталды.
Султан Раев: Түркмөн киносу – орток маданий мурастын ажырагыс бөлүгү
Ачылыш сөзүн сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев түркмөн киносу 1926-жылы Ашхабад шаарында башталганын белгилеп, Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Ал бир кылымдык тарых түркмөн улуттук киносунун калыптанышын, өнүгүшүн жана көркөм жетилүүсүн чагылдырган өзгөчө маданий мурас экенин айтты. Раев согуш жылдарына жана табигый кырсыктарга карабастан, кино тармагы туруктуу өнүгүп келгенин баса белгиледи. Айрыкча 1960-жылдардан тартып эл аралык деңгээлде таанылган чыгармалар жаралганын билдирди. ТҮРКСОЙ үчүн түркмөн киносу түрк элдеринин орток маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү жана элдерди руханий жакындаштырган маанилүү фактор экенин кошумчалады.
Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамырадов: Түркмөн киносу – бир кылымдык тамыры бар искусство
Министр Атагелди Шамырадов Түркмөнстан менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы достук маданий байланыштар туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал түркмөн улуттук кино тарыхы 1926-жылдын 7-февралында башталганын эске салып, 1935-жылы «Мен гайтып гелерин» («Мен кайтып келем») аттуу алгачкы толук метраждуу үндүү тасма, 1936-жылы «Умбара» тасмасы тартылганын айтты. 1960-жылдары Булат Мансуров тарткан «Шүкүр бахшы» тасмасы Орто Азия киносунда жаңы поэтикалык багыт ачканын, ошондой эле Алты Гарлыевдин «Айгытлы адим» («Ишенимдүү кадам») фильми чоң резонанс жаратканын белгиледи. Бүгүнкү күндө Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясы заманбап технологиялар менен жабдылып, «Истерин», «Бестечи», «Кемала», «Төребег ханым», «Гызыл күртле», «Агач», «Гызыл алма» сыяктуу тарыхый жана заманбап тасмаларды жаратып жатканын айтты.
Панель
Панельдик жыйында түркмөн киносунун тарыхый өнүгүүсү, эстетикалык багыты жана бүгүнкү көз карашы талкууланды. Алгачкы баяндамачы – режиссёр, Эл аралык кино ассоциациясынын төрагасы жана Көркүт Ата түрк дүйнөсү кино фестивалынын негиздөөчүсү Назиф Тунч болду. Ал түркмөн киносунун дүйнөгө жаңы адеп-ахлак, боорукерлик жана сулуулук тартуулаганын белгиледи.
Түркмөнстандын Телерадио жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Аннасахет Какаев ТҮРКСОЙдун 33 жылдан бери түрк элдеринин биримдигин чыңдоого кошкон салымын жогору баалады. Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын «Шүкүр багшы», «Айгытлы адым», «Гелналыжы», «Меним достум Мелегүш», «Жадыли жевахир», «Каризгенлер» сыяктуу тасмалары эл аралык деңгээлде таанылганын айтты.
Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын төрага орун басары Сахысалых Байрамов кино искусствосу тарых жана чыныгы окуялар менен ажырагыс байланышта экенин баса белгиледи. Ал акыркы жылдары «Гызыл күрте», «Истерин», «Гызыл алма», «Китап», «Бестечи» сыяктуу тасмалар эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга ээ болгонун маалымдады. «Бестечи» тасмасы Россия Федерациясында «Алтын көпөлөк» сыйлыгын алганын, 2023-жылдын октябрында «Аркадагын сахери» эл аралык кино фестивалы түркмөн кино тарыхында биринчи ирет өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Эге университетинин проректору проф. д-р Мехмет Эрсан болсо кино адамдын сезимдерине терең таасир эткен өзгөчө искусство экенин айтып, түрк дүйнөсүнүн кино өндүрүшчүлөрүн бириктирүү максатында жаңы фестивалдар башталганын билдирди.
Сөздөрдөн кийин түркмөн киносунун духун чагылдырган «Галныш атлары» аттуу кыска тасма көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда баяндамачыларга ыраазычылык барактары тапшырылды жана 17-февралда Яшар Кемал залында «Бестечи: Музыканын керемети» аттуу тасма көрсөтүлөрү жарыяланды.
Улуу түркмөн акыны Махтумкулу Фираки эскерилди
Понельдик жыйындан кийин Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилигинин алдында иш алып барган Махтумкулу Фираки атындагы изилдөө борборунун 2026-жылдагы жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев да катышты. Жыйында борбордун аткарган иштери тууралуу маалымат берилип, алдыдагы мезгилге пландалган иш-чаралар талкууланды.
Жыйындан кийин Түркмөнстан кино күндөрүнүн алкагында Анкарада жүргөн Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамырадов жана аны коштогон делегация ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен бирге Анкара шаарындагы Дикмен өрөөнүндө жайгашкан Махтумкулу Фираки эстелигине барышып, эстеликке гүл коюп, эскерүү иретинде бир мүнөттүк унчукпай туруу менен урмат көрсөтүштү.