― 5 августа 2026 г.
ТҮРКСОЙдо түрк дүйнөсүнүн өнөр адамдарынын жолугушуусу өттү
ТҮРКСОЙдун Анкарадагы Башкы катчылыгында Караман жана Кечиөрен муниципалитеттери менен биргеликте уюштурулган Түрк дүйнөсү фестивалдарынын катышуучулары алынды.
Караман шаарында 27-июлдан 3-августка чейин өткөн VIII Эл аралык Түрк дүйнөсү фестивалы жана Анкара шаарында 3–8-август күндөрү уюштурулган III Эл аралык Түрк дүйнөсү фестивалынын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кабарда-Балкар Республикасы жана ТҮРКСОЙдун өкүлдөрү менен чыгармачыл жамааттары ТҮРКСОЙ тарабынан кабыл алынды.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн бирдиктүү маданият жана искусство мейкиндигинде жолугушуусу өзгөчө тарыхый жана маданий мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал түрк дүйнөсүн бириктирген эң күчтүү байланыш – жалпы тилдик жана маданий мурас экенин баса белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:
«Түрк дүйнөсү үчүн бирдиктүү маданий мейкиндикте биригүүнүн эң табигый жолу – түпкү тамыры бир болгон тилдерибизди жана диалектилерибизди кеңири колдонуу, ошондой эле маданий жана чыгармачылык кызматташтык аркылуу өз ара байланышты бекемдөө болуп саналат. ТҮРКСОЙ катары биз жалпы маданий мурасыбызды сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга жеткирүү максатында даярдап жаткан маданий программаларды жана долбоорлорду мындан ары да ушундай эле жоопкерчилик, ыклас жана дем менен ишке ашырууну улантабыз. Мындай фестивалдар жана чыгармачылык жолугушуулар боордош элдердин ынтымагын чыңдап, өнөр адамдарыбыздын орток баалуулуктарды биргелешип даңазалоосуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөт», – деди Сайит Юсуф.
Катышуучуларга ыраазычылык грамоталары тапшырылды
Салтанаттуу сөздөн кийин фестивалдардын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон делегациялардын өкүлдөрүнө жана өнөр адамдарына ыраазычылык грамоталары тапшырылды.
Грамоталарды ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф тапшырды.
Сыйлыктарды Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Маданият башкармалыгынын директору Айше Гүлер Акын жана Жейхан Өзйылдыз, Кыргызстан делегациясынын атынан Сайкал Асаналиева менен Оксана Лобова, Өзбекстандын атынан Мархабохон Саттарова жана Кабарда-Балкар делегациясынын атынан Карина Лампежева кабыл алышты.
Иш-чаранын соңунда бардык делегациялар менен өнөр адамдары ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгынын алдында биргелешкен эстелик сүрөткө түшүштү.
Ыраазычылык грамотасына ээ болгон өкүлдөр жана өнөр адамдары
Кыргызстан:
Оксана Лобова
Сайкал Асаналиева
Алинур Асаналиев
Керемет Жолдошбекова
Дилназ Бакытова
Алия Акылбекова
Айжамал Турсунбекова
Айым Мавлянова
Медина Эсентурова
Айбийке Мелисова
Нурсаида Омокеева
Алия Бекбосунова
Өзбекстан:
Мархабохон Саттарова
Шохистахон Холматова
Достонбек Пармонов
Режавали Усмоналиев
Музаффаржон Мирзаев
Мухаммадазиз Вахобов
Абдуманноб Исмоилов
Маржонабону Батирова
Мафтунахон Махмудова
Шодияхон Абдуллаева
Райёна Абдуллаева
Түндүк Кипр Түрк Республикасы:
Айше Гүлер Акын
Жейхан Өзйылдыз
Шефкат Сагламер
Анил Сайдам
Мустафа Басриоглу
Эрол Эвгинел
Йигит Йорганжы
Хаял Шерифе Ярдымсевенлер
Руя Семра Ярдымсевенлер
Кабарда-Балкар Республикасы:
Алибек Джашеев
Саида Бакова
Карина Лампежева
Амир Лампежев
Элдар Лампежев
Темирлан Машуков
Алихан Коков
Самир Вахидов
Залина Нырова
Дарина Канаметова
Дисана Шебзухова
Самира Ихакахова
ТҮРКСОЙдун өнөр адамдары:
Айымгүл Биссембаева
Малика Алдамжарова
Али Арда Кадер
Насрин Эльяси
Ноушин Эльяси