WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.17
23 февраля 2026 г.

ТҮРКСОЙдо салттуу ооз ачар

23 февраля 2026 г.

ТҮРКСОЙдо салттуу ооз ачар

Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү ооз ачарда ТҮРКСОЙдо чогулушту. Ооз ачарга  ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары A. Беррис Экинжи, Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Еркебулан Сапиев, Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекан Ышангулиев, Өзбекстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Илхом Хайдаров, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Исмет КорукоглуУлутчул кыймыл партиясынын (МХП) төрагасынын орун басары жана Самсун шаарынын депутаты Иляс Топсакал, Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасынын орун басары, түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрага проф. д-р Күршад Зорлу, «Ататүрк» маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин төрагасы проф. д-р Деря Өрс, Анкара социалдык илимдер университетинин ректору проф. д-р Муса Казым Арыжан, Анкара музыка жана көркөм өнөр университетинин ректору проф. д-р Эрхан Өзден, Юнус Эмре институтунун төрагасы проф. д-р Абдурахман Алий, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия жана түрк мамлекеттери уюму боюнча башкы директору элчи Тоган Орал, МХП төрагасынын башкы кеңешчиси жана Ахмед Жавад институтунун төрагасы проф. д-р Рухи Эрсой, Түрк тил коомуунун төрагасы проф. д-р Осман Мерт, Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Президенти проф. д-р Өжал Огуз, Анкара социалдык илимдер университетинин Социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин деканы проф. д-р Билал Чакыжы, TRT Аvaz координаторунун орун басары Зафер Текин жана Анкарадагы дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү  катышты.

Ооз ачар Анкарадагы Ахмет Хамди Аксеки мечитинин молдосу Гюркан Чигдемдин Куран окуусу менен башталды. Окулган аяттардан кийин шам намазынын азаны айтылып, ооз ачылды.

Рамазан айынын ылайык ооз ачар дасторконуна Түркстандын берекесин символдоштурган Түркстан палоосу коюлду. 2026-жылкы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Андижандан алып келинген өзгөчө күрүч менен даярдалган бул палоо бир казандын айланасында чогулуунун жана жалпы маданиятты бөлүшүүнүн белгиси болду.

Конокторду тосуп жатып, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев ТҮРКСОЙ имараты жөн гана иш кеңсеси эмес, Анкарадагы түрк дүйнөсүнүн өчпөс очогу экенин баса белгиледи.

Раев ооз ачар алдында сүйлөгөн сөзүндө мындай деди:  «Биз үчүн Рамазан – жөн гана орозо айы эмес; бул – жалпы эс-тутумубуз сакталган руханий мектеп. Бүгүн бул казандын айланасында ар түрдүү өлкөлөрдөн келген кесиптештерибиздин эмгеги менен даярдалган бул палоо Фергананын берекесин, Түркстандын рухун жана кылымдарды камтыган тарыхыбыздын элесин алып жүрөт. Өркүндөгөн цивилизация отту өчүрбөй сактоо менен жашайт, ал эми бир туугандык бир нанды бөлүшкөн сайын тереңдейт».

Анкарадагы миссия башчыларынын атынан сөз сүйлөгөн Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Еркебулан Сапиев:  «Бүгүн биз жөн гана ооз ачар  эмес, чыныгы бир туугандык маанайын сезип жатабыз. Түркстан палоосу – баарыбыздын орток даамыбыз. Бул дасторконду уюштурган Ак сакалыбыз Султан Раевге ыраазычылык билдирем», – деди.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары А. Беррис Экинчи өз сөзүндө ТҮРКСОЙдун маданий биримдикти чыңдоодогу өзгөчө ролун белгиледи. Ал Анкара шаары 2026-жылга Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору болуп тандалганын эске салып, түрк кызматташтык архитектурасы күн санап бекемделип жатканын айтты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн МХПнын төрагасынын орун басары жана Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы проф. д-р Ильяс Топсакал түрк дүйнөсүнүн орток алфавит жолуна токтолуп: «1928-жылы кыргыз боордошторубуз Анадолу түркөлөрү латын арибине өткөнүн угары менен «Манас» эпосун дароо латынчага которушкан. Бул – миссиянын кыскача баяны. Бүгүн бул мурасты улантуу биздин милдет», – деп белгиледи.

АК партиясынын төрагасынын орун басары проф. д-р Күршад Зорлу болсо Түрк мамлекеттери менен байланыштар бөлүмүнүн бир жылдыгын куттуктап, жакында боло турган Нооруз майрамынын Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын күн тартибиндеги орду тууралуу жакшы кабарлар бар экенин билдирди.

Рамазан айынын руханий атмосферасында өткөн бул жолугушуу жакшы тилектер айтылган сөздөр менен жыйынтыкталды.

Медиа галереясы

WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.17
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.18 (2)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.19 (1)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.19 (2)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.20 (1)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.19
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.20
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.20 (2)
DSC_0510
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.21 (1)
DSC_0506
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.21
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.18 (1)
DSC_0508
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.17 (2)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.17 (3)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.17 (1)
WhatsApp Image 2026-02-23 at 20.44.16

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган