DSC_1459
28 октября 2024 г.

ТҮРКСОЙдо «Азиз Санжар менен болгон жети” күн» китебинин бет ачары өттү

28 октября 2024 г.

ТҮРКСОЙдо «Азиз Санжар менен болгон жети” күн» китебинин бет ачары өттү

ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгынын жыйындар залында кыргыз тектүү изилдөөчү жана жазуучу Мухаммет Рузубайдын «Азиз Санжар менен 7 күн» аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. 

ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Султан Раев, Түркиянын мурдагы өнөр жай министри Али Кошкун, Эрзурум депутаты Мехмет Эмин Өз, КР элчилигинин кеңешчиси Уланбек Максатов, изилдөөчүлөр жана искусство сүйүүчүлөрү катышкан китеп таанытуу жыйыны чоң кызыгууну жаратты. 

Программаны  Башкы катчы Султан Раев ачты. Ал ачылыш сөзүндө  Мухаммед Рузубайга илим дүйнөсүнө кошкон бул баалуу эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди.  О. э. азыркы өтө тездик менен өнүгүп жаткан технологияны  колдоно турган адам экенин, ал адамдын тарбиясы, адамдык сапаттары да бийик болушу абдан маанилүү экенин баса белгиледи.  ТҮРКСОЙ бул контекстте жалпы Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана цивилизациясын сактоо жана жайылтуу аркылуу Түрк дүйнөсүнүн келечек муундарын өз маданиятына, үрп-адаттарына жана каада-салттарына берилген инсан кылып өстүрүү үчүн аракет кылып жатканын белгиледи. Султан Раев  Азиз Санжардын өзгөчө бир инсан экенин, анын адамдыктын, эмгекчилдиктин үлгүсү  катары жаштарга тийгизээр таасири зор экенин белгиледи. 

 

Азиз Санжар Жаңы Түркия Республикасынын дүйнөлүк универсалдуу баалуулуктарга кошкон салымынын эң конкреттүү мисалдарынын бири.

 

«Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар адамзатка кошкон салымы үчүн  бир гана Түркия эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү жана бүткүл адамзат сыймыктана турган илимпоз катары тарыхка алтын тамга менен ысымын жазган адам. Бул ийгилик Жаңы Түркия Республикасынын дүйнөлүк универсалдуу баалуулуктарга кошкон салымынын эң конкреттүү мисалдарынын бири. Азиз Санжардын эмгек жолу жана өмүрү тууралуу сөз болгон бул эмгек бир гана илимпоздун ийгилигин эмес, анын адамдык жактарын, жупуну, ак көңүл мүнөзүн да баяндайт. Илимий изилдөөлөрү менен дүйнөгө таанылган инсан,  өзүн коомго жана адамзатка  берилгендиги менен да тааныта алды. Бул анын улуулугу   жана ошол эле учурда жөнөкөйлүгү», - деди  Султан Раев. 

Баш катчы Азиз Санжардын бийик инсандыгына токтолуп, түрк дүйнөсүнөн Азиз Санжар сыяктуу дагы көптөгөн илимпоздор чыгарына ишенгенин айтты.

 

Түрк дүйнөсүнө салам

 

«Түрк дүйнөсүнө салам», - деп баштады сөзүн  мурунку өнөр жай министри Али Кошкун. Ал  Азиз Санжардын АКШда окуп, көп жылдар бою АКШда жашаганына карабастан, түпкү тамырынан эч качан ажырабаганын белгилди: «Огуздардын Хаси уруусунан чыккан бул түрк баласы алган сыйлыгын  алгач улуу түрк элине арнады», - деди ал. 
Кыргыз Республикасынын элчиси Руслан Казакбаевдин кеңешчиси Уланбек Максатов  китептин автору Мухаммед Рузубайга элчинни атынан  өзгөчө ыраазычылыгын билдирди жана   Азиз Санжардын алган Нобель сыйлыгы эли үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Бул сыйлык бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыйлыгы. Ал эми Азиз Санжар өзгөчө кичи пейилдик менен өз инсандыгын даңазалады. 

Таанытуу жыйынында сөз сүйлөгөн Эрзурумдун депутаты Мехмет Эмин Өз Түркиянын түрк дүйнөсүнө карай маданий иш-аракеттери өз  жемишин берип жатканын, бир туугандык байланыштардын күн өткөн сайын күчөп баратканын белгиледи. 

Же жазат элем, же мени психиатриялык ооруканага жаткырышмак!

Китептин автору Мухаммед Рузубай китеп таанытуу аземинде жазуучулук бул анын  жашоо образы экенин айтты. Азиз Санжар анын  өзү үчүн да, түрк дүйнөсү үчүн да үлгү экенин айтып,  бул китеп жогорку жоопкерчилик жана көп эмгек менен жазылганын айтууну  туура көрдү. Мухаммед Рузубай, бир кезде Түркстан географиясы Анадолу түрктөрү үчүн кыял болгонун, эми алыс жакындап, алтын көпүрөлөр курулганын белгиледи. Сөзүнүн аягында автор китептин жазылышына ким кандай салым кошконун айтып,  жубайына ыраазычылыгын билдирди. 

Китеп таанытуу ишинин соңунда Мехмет Сабир Каргер чакан концерт берди. 

Башкы катчы Султан Раев Мухаммед Рузубайга ТҮРКСОЙдун Ардак медалын, эстелик тактасын тапшырды. Иш-чара салттуу сүрөткө түшүү менен аяктады. 

 

Медиа галереясы

DSC_1527
DSC_1531-2
DSC_1503
DSC_1509
DSC_1495
DSC_1492
DSC_1486
DSC_1482
DSC_1471
DSC_1476
DSC_1463
DSC_1466
DSC_1456
DSC_1459
DSC_1448
DSC_1452
DSC_1443
DSC_1438
DSC_1437
DSC_1429
DSC_1425
DSC_1427
DSC_1411
DSC_1421
DSC_1408
DSC_1406
DSC_1405
DSC_1404

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган