WhatsApp Image 2026-04-20 at 18.22.32
20 апреля 2026 г.

ТҮРКСОЙ менен Балыкесир университетинин ортосунда академиялык кызматташтык боюнча протоколго кол коюлду.

20 апреля 2026 г.

ТҮРКСОЙ менен Балыкесир университетинин ортосунда академиялык кызматташтык боюнча протоколго кол коюлду.

Эл аралык nүрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ түрк дүйнөсүнүн академиялык потенциалын биргелешкен долбоорлордо бириктирүү багытындагы стратегиясынын алкагында Балыкесир университети менен кызматташтыкты баштады. Билим берүү, маданият, искусство жана илимий изилдөөлөрдү камтыган протокол расмий аземде күчүнө кирди.

Балыкесир университетинин ректорлугунда өткөн салтанатта документке ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф жана университеттин ректору, профессор доктор Южел Оğурлу кол коюшту.

Кол коюлган макулдашууга ылайык, тараптар биргелешкен академиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык илимий иш-чараларды уюштуруу жана басма ишмердүүлүгүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашты. Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири катары, айрыкча йорук-түркмөн маданиятын кошо алганда, түрк дүйнөсүнө таандык байыркы баалуулуктарды сактоо жана бул мурастарды эл аралык илимий чөйрөдө кеңири жайылтуу каралган.

Сайит Юсуф: «Академиялык кызматташтык – биздин негизги артыкчылыктарыбыздын бири»

Салтанатта сөз сүйлөгөн Сайит Юсуф ТҮРКСОЙ уюмунун университеттер менен кызматташуусуна өзгөчө маани берерин белгилеп: «Биз үчүн академиялык кызматташтык – маданий дипломатиянын эң маанилүү багыттарынын бири. Балыкесир университети менен түзүлгөн бул келишим орток баалуулуктарыбызды илимий негизде өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Бул кадам түрк дүйнөсү үчүн пайдалуу болот деп ишенем», – деди.

Иш-чара белек алмашуу жана эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Медиа галереясы

WhatsApp Image 2026-04-20 at 18.22.35 (2)
WhatsApp Image 2026-04-20 at 18.22.34 (3)
WhatsApp Image 2026-04-20 at 18.22.33 (1)
WhatsApp Image 2026-04-20 at 18.22.32 (1)

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган