― 20 апреля 2026 г.
ТҮРКСОЙ Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф: «Анадолу — Түрк дүйнөсүнүн өзөгү»
Түрк дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарын сактоо жана аларды кийинки муундарга жеткирүү багытында иш алып барган ТҮРКСОЙ уюму «Кувайы Миллие шаары» деп аталган Балыкесирде өткөн ири эл аралык иш-чарага катышты.
ТҮРКСОЙ, Балыкесир облусунун администрациясы, Балыкесир мэриясы жана Балыкесир университети биргелешип уюштурган «Кувайы Миллие шаары Балыкесир: Эл аралык йөрүк-түркмөн симпозиуму» салтанаттуу ачылыш аземи менен башталды.
Авлу Конгресс жана маданият борборунда өткөн иш-чарага Балыкесир шаарынын мэри Ахмет Акын, Балыкесир университетинин ректору, профессор Южел Оғурлу, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Низами Жафаров, Түрк дүйнөсү йөрүк-түркмөн биримдигинин төрагасы Ирфан Татлыоглу жана ТҮРКСОЙ Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф, ошондой эле көптөгөн окумуштуулар менен коноктор катышты.
Ачылыш жыйынында сөз сүйлөгөн Сайит Юсуф түрк элдеринин биримдигине өзгөчө көңүл бурду. Ал Исмаил Гаспыралынын белгилүү ураанын эске салып, мындай деди: «Тилде биримдик болбосо, ойдо биримдик болбойт, ал эми ойдо биримдик болбосо, биргелешкен иш да болбойт. Ошондуктан Гаспыралы айткан «Тилде, ойдо, иште биримдик» принцибин ишке ашыруу зарыл. Анадолу — Түрк дүйнөсүнүн өзөгү. Ал эми йөрүк-түркмөн маданияты ошол өзөктүн эң таза жана жандуу бөлүгү болуп саналат».
Симпозиумдун алкагында Борбор Азиядан Анадолуга чейин жайылган йөрүк-түркмөн маданиятынын тарыхы, социалдык-маданий түзүлүшү, элдик ишенимдери жана анын Улуттук боштондук күрөшү менен байланышы илимий негизде каралат.
Иш-чарага катышкан окумуштуулар өз баяндамаларын офлайн жана онлайн форматта сунуштап, жаңы илимий эмгектерди коомчулукка тааныштырышат.
Балыкесир йөрүк-түркмөн федерациясы жана Бигадыч муниципалитети колдоо көрсөткөн симпозиум аймактын маданий мурасын эл аралык деңгээлде жайылтууну көздөйт.
Иш-чара Балыкесир университетинин Ататүрк Конгресс жана маданият борборундагы жыйындардан кийин жыйынтык декларациясынын кабыл алынышы менен аяктайт.