― 6 августа 2026 г.
Түркиянын эң жаш төкмө акыны Мүмтаз Саглам ТҮРКСОЙдо болду
2025-жылы өткөн 59-Кония Төкмө акындар майрамында «Түркиянын эң жаш төкмө акыны» наамына татыктуу болуп, салттуу акындык кафтанын кийген жаш акын Мүмтаз Саглам ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде болду
Мүмтаз Саглам ТҮРКСОЙго Адана облусунун Сарычам муниципалитетинин Маданият, искусство жана социалдык иштер башкармалыгынын жетекчиси Юсуф Деликожа менен бирге келип, аларды ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кабыл алды.
Жолугушууда Сайит Юсуф Түркиянын эң жаш төкмө акыны сыяктуу сыймыктуу наамдын ээси болгон жаш акынды ТҮРКСОЙдо кабыл алуу өзгөчө кубаныч экенин белгиледи. Ал миң жылдан бери үзүлбөй бүгүнкү күнгө чейин жеткен жана түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасы болуп эсептелген акындык (ашыктык) салтын жаш муундар сактап, өнүктүрүүсүнүн маанисине өзгөчө токтолду.
Ошондой эле Сайит Юсуф уюмдун негизги максаттарынын бири — ата-бабалардан мурас болуп калган бай маданий мурастарды кийинки муундарга жеткирүү экенин айтып, жаш өнөрпозго чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын эң жаш төкмө акыны Мүмтаз Саглам өзүнүн автордук чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, өнөрүн тартуулады.