WhatsApp Image 2024-12-01 at 10.21.52
1 декабря 2024 г.

Решидуддин Фазлулла-и Хемеданинин «Camiü't-Tevârih» чыгармасы Казакстанда таанытылды

1 декабря 2024 г.

Решидуддин Фазлулла-и Хемеданинин «Camiü't-Tevârih» чыгармасы Казакстанда таанытылды

ТҮРКСОЙ Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети менен биргеликте Казакстандын борбору Астана шаарында проф. Эржан Исакулов даярдаган «Câmiu't-Tevârih» жана Зарипбай Оразбай даярдаган Рузбихан Исфахандын «Мехман Наме-и Бухара» эмгектеринин бет ачары өткөрдү.

Бет ачар аземи Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректоратынын имаратында болду. Ачылыш сөздөргө ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору, эмгектин авторлору жана академиктер катышты. 

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев өз сөзүндө: «Câmiu't-Tevârih» бир гана ислам тарыхы боюнча китеп эмес, бул ар түрдүү жерлердин жана маданияттардын тарыхын баяндаган энциклопедиялык эмгек. Иштин негизги максаты Илханид башкаруучуларына дүйнөлүк тарых боюнча кеңири маалымат берүү болгон. Ошондуктан, ислам тарыхынан тышкары, монголдор, Кытай, Индия, жөөт жана христиан тарыхы сыяктуу түрдүү темалар да талкууланат.

Câmiu't-Tevârih жазылган мезгил тарыхнамасы боюнча биринчи жолу бүтүндөй дүйнөлүк тарыхка кайрылууну максат кылган маанилүү бурулуш учур болуп саналат. Бул изилдөөнү даярдап жатып, Решидуддин ар кандай булактарды пайдаланып, түрдүү улуттардын маданиятын, тилдерин жана диндерин изилдеген. Бул жагынан алганда, бул эмгек  ал мезгилдин интеллектуалдык маңызын жана түрдүү коомдордун өз ара карым-катнашын  түшүнүү үчүн уникалдуу булак катары бааланат. Чыгарманын дагы бир маанилүү жагы – ал мезгилдин тарыхын түшүнүүгө жаңы өңүт кошкондугунда жана о.э. моңгол башкаруусу астындагы коомдордун тарыхый аң-сезимин калыптандырууда дүйнөлүк тарыхка салым катары маанилүү роль ойногонунда», -деди ал. 

Иш-чарага баяндамачы болуп катышкандар Решидуддин Фазлулла-и Хемеданинин жана Рузбихан Исфахандын өмүрү, өнөрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат беришти. 

Ошондой эле проф. Эржан Исакулов талкууга алынып жаткан «Câmiu't-Tevârih» чыгарма түрк элинин тарыхын, Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын жашоосун баяндаган баалуу булак экендигин, чыгарма адегенде перс тилинен казак тилине, андан кийин орус тилине которулганын айтты. Автор которгон эмгекте Чыңгызхандын ата-бабаларынын жерлери, казак талаасындагы тарыхый жерлер тууралуу жаңы маалыматтар камтылганын билдирди. 

Зарипбай Оразбай даярдаган «Мехман Наме-и Бухара» аттуу чыгарма тууралуу айткан сөзүндө ХV-XVI кылымдардын ортосундагы мезгилге токтолду. Ал «Мехман Наме-и Бухарада» казак элинин көп кылымдык теги, коомдук түзүлүшү, диний жана руханий турмушу, Казак хандыгы жүргүзгөн эл аралык мамилелери тууралуу маанилүү маалыматтар берилгенин айтты.  Автор о. э. аталган эмгекте Шейбани хандын өмүрү жана ишмердиги тууралуу да  кеңири маалымат камтылганын билдирди. 

Иш-чаранын аягында Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети уюштурган көргөзмө ачылып,  катышкандар жамааттык сүрөткө түшүштү.

 

Медиа галереясы

WhatsApp Image 2024-12-01 at 10.21.14

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган