3212c733-ad9d-3f10-c568-c2aaa8dbd0a6_lists_slider_
1 июня 2026 г.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушту

1 июня 2026 г.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушту

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 1-июнда маданият, искусство жана адабият тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган кеңири колдоо жана дем берүү чараларынын жаңы пакетин жарыялады.

Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы маданият менен искусствонун коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгилеп, тармактагы көйгөйлөрдү чечүү жана чыгармачыл экономикага жаңы дем берүү негизги максат экенин айтты.

Искусство бирикмелери түзүлүп, жаш таланттар колдоого алынат

Жаңы иш-чаралар планына ылайык театр, кино, музыка жана көркөм өнөр сыяктуу 21 багыт боюнча чыгармачыл бирикмелер түзүлөт.

Жыл сайын өткөрүлүүчү «Улуттук өнөр адамдарынын курултайында» мыкты чыгармачыл инсандар сыйланып, жаш таланттарды колдоо максатында «Искусствону колдоо фонду» түзүлөт.

Бул фонд аркылуу жыл сайын 100 жаш талант мамлекеттин колдоосу менен чет өлкөлөрдө билим алат. Мындан тышкары чыгармачыл адамдардын интеллектуалдык менчик укуктарын толук коргой турган жаңы автордук укук системасы ишке киргизилет.

Адабият өкүлдөрүнө жана чыгармачыл адамдарга социалдык колдоо көрсөтүлөт

Адабият тармагын колдоо алкагында акын-жазуучулардын кеминде 50 тандалган чыгармасына жыл сайын мамлекеттик буюртма берилет. Ошондой эле эң мыкты 10 чыгарма чет тилдерге которулуп, чет мамлекеттерде жайылтылат.

Социалдык колдоо программасынын алкагында жыл сайын маданият жана искусство тармагындагы миң мыкты кызматкер акысыз дарыланат. Дагы 2 миң чыгармачыл кызматкер мамлекет тарабынан медициналык камсыздандыруу менен камсыз болот. Ал эми эмгек стажы 10 жылдан ашкан кызматкерлерге санаторийлерде акысыз эс алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Мындан тышкары 1-сентябрдан тартып ыр жана бий жамааттарынын кызматкерлеринин айлык маянасы эки эсеге көбөйтүлөт. Бийчилердин пенсияга чыгуу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылат.

Композиторлорго болсо классикалык жана заманбап жанрларда жыл сайын кеминде 20 жаңы чыгарма жаратуу үчүн мамлекеттик буюртмалар берилет.

Калк үчүн акысыз билеттер жана салыктык жеңилдиктер каралган

Коомчулуктун маданий иш-чараларга катышуусун кеңейтүү максатында жыл сайын жүз миңдеген окуучуларга, мамлекеттик кызматкерлерге жана социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө театр, кино жана концерттерге акысыз билеттер таратылат.

Жергиликтүү концерттерди жана маданий көрсөтүүлөрдү уюштурууга кеткен чыгымдардын 20 пайызга чейинки бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Жеке театрлар, кинотеатрлар, маданият жана искусство багытындагы билим берүү мекемелери, ошондой эле бул тармакка көрсөтүлгөн демөөрчүлүк жардамдар бир катар салыктардан бошотулат.

Ошондой эле жеке театрларды колдоо максатында жыл сайын 50 спектаклдин коюлушуна кеткен чыгымдарды мамлекет каржылайт.

Кино жана билим берүү тармактарында жаңы реформалар жүргүзүлөт

«Өзбеккино» улуттук киностудиясы заманбап улуттук кино шаарчасына айландырылат. Мамлекеттик колдоо менен тартылган тасмалардын прокаттан түшкөн кирешесинин жарымы дем берүү чарасы катары продюсерлерге жана чыгармачыл топко берилет.

Ал эми «Алтын Хумо» улуттук сыйлыгынын байге фонду 5 миллиард сумга чейин көбөйтүлөт.

Билим берүү тармагында мектептердеги тиешелүү сабактар «Искусство» окуу программасынын негизинде жаңыланат. Музыкалык мектептердин мугалимдеринин эмгек акысы жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин айлык маянасына теңештирилет.

Жогорку окуу жайларында «кош багыттуу билим берүү» системасы киргизилип, студенттерге белгилүү чыгармачыл инсандар устаттык кылышат.

Маданият министрлигинин алдында жаңы институт түзүлөт

Тармак кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында Өзбекстандын Маданият министрлигинин алдында «Кесиптик өнүгүү жана кайра даярдоо институту» түзүлөрү маалымдалды.

Жыйындын соңунда Президент Шавкат Мирзиёев азыркы дүйнөлүк шартта улуттук биримдик менен ынтымактын маанисине өзгөчө токтолуп, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын укту.

 

Медиа галереясы

596dae4e-0fd9-80d5-9d45-62628e3cd6d7_lists_slider_
1b10965d-2bb5-ef39-254e-caa3a302b5a3_lists_slider_
0ab0cd6a-3676-5db6-a5e6-df58c95fdd91_lists_slider_
e72b141a-f74d-23c7-f6a4-55e3eaed2ac6_lists_slider_
fe963b4d-05fe-7123-5ef6-0574ead52db8_lists_slider_
a34027a4-5bc7-70fb-9859-e7095b3eb691_lists_slider_9268
a83efc7a-19e8-ed97-4c3d-d6ac052fbb73_lists_slider_
5016da3f-759b-c92e-60a0-e2b5b84f58d9_lists_slider_-2

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган