― 30 мая 2025 г.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жолон Мамытов атындагы Түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын фестивалына куттуктоо кайрылуусу
Эл аралык поэзия фестивалынын урматтуу катышуучулары!
Ардактуу меймандар!
Кезинде “Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу”, “Көз карандысыз мамлекеттердин маданий борбору” атыккан ордолуу Ош шаарына Эл аралык поэзия фестивалына катышуу үчүн келген меймандарга чын ниеттен чыккан саламдарымды жолдойм, кош келиңиздер!
Бүгүн табиятынан ырга жакын кыргыз элинде жана жамы түрк дүйнөсүнүн маданий турмушунда өзгөчө күн!
Сиздерди бүгүнкү маданий окуя – сөз берметин терип, ыргакка салып, күүгө келтирип, анын рухий күчкө айландырган поэзия майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Мени бул поэзия фестивалы ордолуу Ошто түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын башын бириктирип жатканы өзгөчө кубандырат. Анткени байыркы Ош - бул түрк дүйнөсүнүн гана эмес, дүйнөлүк цивилизацияга эбегейсиз салым кошкон, адамзаттын руханий өнүгүүсүндө өзгөчө орду бар капкалуу калаа. Борбор Азиянын эң байыркы шаарларынын бири эле эмес, кылымдарды карыткан карт тарыхтын күбөсү, Улуу Жибек жолундагы маданияттар менен цивилизациялардын тогошкон жери болгон Ош шаарында чыныгы чыгармачылык менен түркүн өнөрдүн деми, күчү, энергетикасы кадимкидей сезилип турат.
Эл аралык жаш акындар поэзия фестивалы кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, залкар акыны Жолон Мамытовдун жаркын элесине арналып өткөрүлүп жатканы биз үчүн чоң сыймык! Адабиятта башка бирөөлөрдү кайталабаган, жалындуу ырлары, бийик адамгерчилик сапаты, өзгөчө жигиттик бейнеси менен эсибизде калган таланттуу акын, мыкты устат Жолон Мамытов өзүнүн руху күчтүү ырлары менен бүгүнкү күндө да жаш муундарга мыкты үлгү болуп кызмат кылат.
Мына ушундай таланттарга бай куттуу жерде тырыхтын дагы бир жаңы барагы ачылууда. Бул – түрк дүйнөсүнүн улуу поэзия өнөрүнө арналган бүгүнкү майрамы!
Поэзия жанры – бул адамзаттын түпкүрдөгү сезимдери менен омоктуу ойлорун ойготуп, элдерибиздин ортосундагы шарттуу чек араларды жоюуга жөндөмдүү бир уникалдуу өзгөчөлүк. Буюрса, ички дуйнөнүн, алга умтулуулардын жана илгери үмүттөрдүн чагылышын шарттай турган поэзия фестивалы аркылуу түрк ааламынын түбөлүктүү баалуулуктары дагы бир жолу даңазаланат.
Күнөстүү кыргыз жергесинде түрк дүйнөсүнүн жаш, таланттуу акындарынын алгачкы жолугушуусун жакшылыкка жоруйлу. Бул иш-чара Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жана Мажарстандын маданий байланыштарын бекемдөөгө, байытууга жана тамыры бар тарыхыбыз менен жалпы руханий мурасыбызды таанууга, таркатууга жана даңктоого карай маанилүү кадам болуп калсын. Бул маданий диалог таасын таланттарды жаңы чыгармачыл ийгиликтерге шыктандырууга түрткү берет деп ишенем.
Ардактуу поэзия күйөрмандары!
Меймандос Ош шаарындагы чалкыган поэзия көлүнө чөмүлүп, арууланып кетиңиздер!
Фестивалдын катышуучулары, уңгулуу жергебизден унутулгус таасирлерди, биримдикке берилген бийик сезимдерди алып кетишиңиздерди каалайм!
Поэзия фестивалынын баштаган иши байсалдуу болсун!
Кыргыз Республикасынын С.Н. Жапаров
Президенти