43f718829cd44bd19dc92bdac3bf4eaa
4 июня 2026 г.

Казакстанда Мамлекеттик символдор күнү салтанаттуу белгиленип жатат

4 июня 2026 г.

Казакстанда Мамлекеттик символдор күнү салтанаттуу белгиленип жатат

Казакстанда жыл сайын 4-июнь Мамлекеттик символдор күнү катары белгиленет.

Казакстандын мамлекеттик символдоруна мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Алтын түстөгү белгилер менен кооздолгон көк туу, дем-күч берген гимни жана терең маанини камтыган герби менен Казакстан бул мамлекеттик символдорду 2007-жылдын 4-июнунда расмий түрдө бекиткен. Өлкөнүн мамлекеттик символдору негизинен казак элинин бай көчмөн маданиятын чагылдырат.

Алтын жана көк түстөрдөн турган Казакстан Республикасынын Мамлекеттик герби казак архитекторлору Жандарбек Малибеков жана Шокан Вaлиханов тарабынан иштелип чыккан. Гербде көчмөн казактардын үйүн жана берекесин символдоштурган алтын канаттуу тулпарлар сүрөттөлгөн.

Мамлекеттик туунун негизги өңү асман көк түстө. Анда улуттук оймо-чиймелердин бири болгон «кочкор-мүйүз», күндүн элеси жана асманда калкып учкан бүркүттүн сүрөтү орун алган. Туунун көк түсү элдин маданий жана этностук биримдигин, мамлекеттин ажырагыс бүтүндүгүн билдирсе, ортосундагы күн тынчтык менен молчулуктун символу болуп саналат. Борбордук бөлүктөгү бүркүт мамлекеттин күчүн жана кеңдигин туюнтса, сол тарабындагы алтын түстөгү оймо казак элине таандык белгилүү «кочкор-мүйүз» үлгүсүн билдирет.

«Менин Казакстаным» аттуу мамлекеттик гимндин сөздөрү Нурсултан Назарбаев жана Жумекен Нажимеденовго таандык. Ал эми обонун белгилүү казак обончусу Шамшы Калдаяков жазган.

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган