― 9 ноября 2024 г.
Карабак жеңиш күнүнө байланыштуу "Түрктөрдүн желегине салам" аттуу концерт өттү
Анкарада Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ), Азербайжандын Анкарадагы элчилиги жана Ахмед Жевад институту «Түрктөрдүн желегине салам» концертин уюштуруп өткөрдү.
АТО конгрессиумуна ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Азербайжандын Анкарадагы элчиси Решад Мамедов жана Ахмед Жевад институтунун президенти түрколог проф. Dr. Рухи Эрсой уюштурган концертке Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин, Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу, Анкарада жашаган чет элдик өкүлчүлүктөр, мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү, басма сөз жана көптөгөн коноктор катышты.
ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев Азербайжандын 44 күндүк согуштан кийинки жеңишине байланыштуу «8-ноябрь Азербайжандын Жеңиш күнү» аттуу концерттин алдында сөз сүйлөдү. Ал: «Карабактын бошотулушу баарыбыздын көңүлүбүздөгү тилегибиз эле. Бул Жеңиш Селенгеден Балканга чейин созулган, баарыбыздын жүрөгүбүздү бириктирген улуу тирилүүнүн символу. Бул концерттик залга бүгүн биз жөн эле жеңишти майрамдоо үчүн эмес, бир тууган түрк элдеринин орток баалуулуктары жана орток дубалары кантип ишке ашканын эскерүү үчүн чогулуп олтурабыз, - деп белгиледи Султан Раев. - Бул Жеңиш жөн гана аймактык жеңиш эмес, бул тарыхта кала турган маданиятыбыздын, тилибиздин, жалпы мурасыбыздын жеңиши”, - деп сөзүн улады Баш катчы Султан Раев.
“Баарыбызды туулган күнүбүз менен куттуктайм! Түркий элдердин жалпы тилектери бар. Ал тилектердин бири Карабак болчу. Жылдар бою биз күткөн куттуу Жеңиш кабарын баарыбыз кубаныч менен толкунданып тосуп алганбыз. Азербайжан армиясынын куттуу жеңишинин кабары акыры келди. Карабактын байыркы шаары Шуша бошотулду. Ушул күнү бороон-чапкын токтоп, түрк желеги желбиреди!”
ТҮРКСОЙ 2023-жылы Шушаны Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган. Бул маданий жеңишибизди түрк дүйнөсүндөгү боордошторубуз менен бирге белгилеп, кубанып турабыз. «Бул жеңиш бир гана Карабак үчүн эмес, бардыгыбыз үчүн деп эсептейбиз жана анын түрк географиясы үчүн маанисин билебиз...”, -деди ал.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер концерт алдында сөз сүйлөп: «Бул жеңиш Азербайжан менен Армениянын ортосунда туруктуу тынчтыктын орношуна тарыхый мүмкүнчүлүк ачты. Армения муну түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөбүз. “Анткени Кавказ чөлкөмүнө мындан ары конфликт эмес, достук жана кызматташтык керек”, - деди ал.
Аймактын гүлдөп-өнүгүшүн мүмкүн болушунча тез арада ар тараптуу ишке ашыруу керектигин Яшар Гүлер баса белгиледи: «Биздин идеалыбыз ата-бабаларыбыздан калган тилектештик мурасын жогорку деңгээлдерге жеткирүү. Бул ар бирибизге тарыхый жоопкерчиликти жүктөйт. Мындан тышкары, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы күчтүү интеграция; Кавказ аймагындагы тынчтык жана стабилдүүлүк өтө маанилүү. Биз эки өлкөнүн ортосундагы «Эки мамлекет, бир улут» түшүнүгү менен баскан жолубузду чечкиндүүлүк менен мындан ары да улантабыз», - деди ал.
Азербайжандын Анкарадагы элчиси Решат Мамедов бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Түркияда бардык түрк мамлекеттеринин катышуусунда Азербайжандын даңктуу жеңишинин 4 жылдыгын белгилеп жаткан учурда сиздер менен чогуу болгонубузга абдан кубанычтабыз.
4 жыл мурун Азербайжандын армиясы, Азербайжандын маданий бешиги Шушаны баскынчылардан бошоткон. Президентибиз Илхам Алиевдин жарлыгы менен 8-ноябрь Жеңиш күнү деп жарыяланып, бул дата 4 жылдан бери элибиздин эң бактылуу күндөрүнүн бири.
Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин даңазалуу үч түстүү желегибиз өлкөбүздүн ар бир бармак басым жеринде сыймыктануу менен желбиреп турат. «Биз алган бул жеңиш Азербайжандын тарыхында гана эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн тарыхында да маанилүү бурулуш болду»,-деди.
Иш-чарада Ахмед Жевад институтунун президенти, ошондой эле Девлет Бахчелинин башкы кеңешчиси, түрколог Проф. Dr. Рухи Эрсой сүйлөп, төмөндөгүлөрдү айтты:
«Урматтуу Төрагабыз Девлет Бахчели мырза, түрк дүйнөсүндө саясаттан тышкары сүйүү көпүрөлөрүн куруу, Азербайжан менен Туркия мамилелеринин терең тамырлуу өтмүшүн күчтүү келечекке жеткирүү үчүн маданий көркөм иш-чаралар менен академиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Ахмед Жавад институтун негиздеди»,-деди.
Концертке Президенттик симфониялык оркестр, Анкара Мамлекеттик опера жана балет оркестри, ТРТ Анкара радиосунун көп үндүү хору, Анкара мамлекеттик полифониялык хору жана Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиядан вокал өнөрпоздору катышты.