― 27 февраля 2026 г.
Хожалы кыргынына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү
Хожалы кыргынынын 34-жылдык мааракеси Анкаранын Кечиорен районунда өткөрүлдү. Кыргында курбан болгондорду эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Мар Топоев, Түркмөнстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Лачин Овазгельдиева менен бирге дипломаттар, саясий партиялардын өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери жана көп сандаган жарандар катышты.
Иш-чарада Түркия менен Азербайжан парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Шамил Айрым, Кечиорен мэринин орун басары д-р Атила Зорлу, Азербайжадын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рашад Мамедов, Түркия Азербайжан достук жана кызматташтык фондуунун төрагасы проф. д-р Айгүн Аттар жана журналист, жазуучу Серрийе Мүслүмкызы сөз сүйлөдү.
Сөздөрдө Хожалыдагы окуялардын тек гана Азербайжанга карата эмес, адамзатка каршы оор кылмыш болгондугу баса белгиленди. Хожалы кыргынынын эл аралык коомчулукка так түшүндүрүлүшү жана тарыхтагы адилеттүүлүктү камсыздоо зарылдыгына көңүл бурулду. Ушундай трагедиялардын кайрадан кайталанбашы үчүн биргелешип жоопкерчилик алып иш кылуунун маанилүүлүгү айтылды.