― 28 ноября 2024 г.
Эл аралык түрк тили поэзия фестивалы Ташкентте башталды
Түрк дүйнөсүнүн адабий байлыктары Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте «XVI Эл аралык түрк тили поэзия фестивалына» чогулуп, бул ыр майрамы салтанаттуу азем менен башталды. Түркия Жазуучулар союзу Д. Мехмет Догандын жаркын элесине арналган бул программа ТҮРКСОЙ, ТИКА, Түркия Жазуучулар союзу, Өзбекстан Жазуучулар союзу жана башка уюмдар бирге ишке ашырууда.
Ачылыш аземи Өзбекстан Жазуучулар союзунун жыйындар залында өттү. Ага ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзунун президенти Улукбек Эсдаулет, Өзбекстан Жазуучулар союзунун президенти Сирожиддин Сайид, Түркия Жазуучулар союзунун президенти проф., докт. Муса Казым Арыжан, Казакстан Жазуучулар союзунун вице-президенти Касымхан Бегманов, Кыргызстан Жазуучулар союзунун вице-президенти Атантай Акбаров жана ТИКАнын Өзбекстан боюнча координатору Али Рыза Тезжан катышты.
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев поэзия фестивалынын катышуучуларына куттуктоо катын жолдоду. Баш катчынын куттуктоосун ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзунун башкы координатору Мурат Кахраман окуду. Ал катта төмөндөгүлөрдү айтты:
''Түрк тилинин эл аралык поэзия фестивалы адабиятыбыздын чек арасыз күчүн жана орток маданиятыбыздын тамырын кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк берет. ТҮРКСОЙ катары Түрк дүйнөсүнүн маданий жана адабий кызматташтыгын бекемдөө багытында ишибизди улантуудабыз. Акындарыбыздын калеминен чыккан чыгармалары түрк дүйнөсүнүн маданий көпүрөсүнүн негизин түзөт.
ТҮРКСОЙ Түрк дүйнөсүнүн маданият, искусство жана адабият тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө үчүн көптөгөн маанилүү долбоорлорду колдодук. Өзгөчө адабият тармагында, ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзу түзүлүп, акын-жазуучуларыбыздын башы биригип, орток түрк адабиятынын калыптанышына салым кошуудабыз. Бул рухий биримдик келечек муунга тамыры терең мурас катары калары шексиз.
ТҮРКСОЙдун аракеттери маданий кызматташтыкты гана эмес, элдерибиздин ортосундагы башка байланыштарды дагы бекемдейт.
Урматтуу акын-жазуучулар! Түрк дүйнөсү цивилизациялардын көпүрөсү. Бул көпүрөнү түзгөн ар бир кыш сиздердин калемиңиздерден чыккан чыгармалар. Жазган ыларыңыздар менен бул көпүрөнү күн сайын бекемдеп, бизди бири-бирибизге жакындатып жатасыздар.
Учурдан улам Түрк дүйнөсүнүн адабияты менен маданиятын бириктирген бул маңыздуу иш-чараны уюштурууга салым кошкон бардык кесиптештерге терең ыраазычылык билдирем»,- деди.
Программанын биринчи күнү адабий дүйнөгө белгилүү акын-жазуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Гафур Гулам атындагы баш байге түркиялык акын Осман Өзбахчеге, А. Жахит Зарифоглу баш байгеси кыргызстандык акын Атахан Кожогуловго, Д. Мехмет Доган баш байгеси ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзунун төрагасы Улукбек Эсдаулетке ыйгарылды.
Иш-чарада ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзунун төрагасы Улукбек Эсдаулет, Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасы Сирожиддин Сайид, вице-президенти Гайрат Мажид, өзбек акыны Усмонкул Азымов, кыргыз акыны Атантай Акбаров жана казак акыны Касымхан Бегмановго Түркия Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөлүк сертификаттары тапшырылды.
Фестивалдын алкагында Али Шир Неваи, Д. Мехмет Доган, Алыкул Осмонов жана Абай Кунанбаевдин элесине арналган поэзия бөлүмдөрү уюштурулду. Үч күнгө созулга турган иш-чаранын алкагында поэзия боюнча семинарлар, адабий сессиялар жана түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
«XVI Эл аралык түрк тили поэзия фестивалы» Түрк дүйнөсүнүн орток адабий жана маданий мурасын сактап, аны жайылтып, келечек муундарга жеткирүү максатын көздөйт.