― 18 февраля 2026 г.
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ тарабынан «Компизитор» фильминe жана Түркмөн фондуна атайын сыйлыктар ыйгарылды
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ, Түркмөнстандын Маданият министрлиги, Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилиги жана Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын кызматташуусу менен «Түркмөнфильм» киностудиясынын 100 жылдыгына карата уюштурулган «Компизитор» аттуу фильмин көрсөтүү иш-чарасында эки атайын сыйлык тапшырылды.
Түркмөн кино өнөрүнүн кылымдык мурасын көркөм тил аркылуу келечек муундарга жеткирген «Компизитор» фильми ТҮРКСОЙ тарабынан «Канаттуу алтын ат» атайын сыйлыгына татыктуу деп табылды. Сыйлык ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев тарабынан Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамырадовго тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында жасалган баалоодо «Компизитор» тасмасы түркмөн кино салтынын өзгөчөлүгүн күчтүү эстетикалык ыкма жана оригиналдуу музыкалык тили аркылуу чагылдырганы, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасына олуттуу салым кошкону белгиленди.
Кечеде тапшырылган экинчи сыйлык — «Эки канаттуу улуу лачын» атайын сыйлыгы — Гурбангулы Бердымухамедовдун атындагы Жардамга муктаж балдарды колдоо фондуна ыйгарылды. Аталган сыйлык Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасынын орун басары, түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрага Күршад Зорлу тарабынан тапшырылды.