M27A2447.JPG
20 февраля 2026 г.

«Димаш: бир үн – миң эл» аттуу көргөзмө Алматыда ачылды

20 февраля 2026 г.

«Димаш: бир үн – миң эл» аттуу көргөзмө Алматыда ачылды

2026-жылдын 18-февралында Алматы шаардык музейлер бирикмеси уюштуруусу менен Ыкылас атындагы элдик музыкалык аспаптар музейинде Казакстан Республикасынын Эл артисти, дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайбергендин жеке коллекциясынан түзүлгөн «Димаш: бир үн – миң эл» аттуу көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш аземине өнөр ээси өзү атайын катышып, көргөзмөнүн тасмасын кести.

Экспозицияга Димаштын жеке фондунан 70 музыкалык аспап коюлду. Алардын арасында дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы күйөрмандары белек кылган аспаптар бар. Мындан тышкары, көргөзмөдө сахналык кийимдери да сунушталды. Айрыкча дүйнөлүк поп-маданият жылдызы Майкл Джексондун жеке стилисти Гоко Залди Димаш үчүн атайын даярдаган сахналык кийими көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Көргөзмөнүн эң таасирдүү учурларынын бири — Димаш Кудайбергендин музей фондусуна өзүнүн жеке домбраларын тапшыруусу болду. Анын бири — атасы белек кылган, бала кезинен жан шериги болуп келген домбрасы болсо, экинчиси — ырчынын кол тамгасы коюлган аспап музейге белекке берилди. Өз кезегинде Алматы шаардык музейлер бирикмеси директору Лаззат Кудайбергенкызы музей жамаатынын атынан казак элинин улуу ойчулу жана композитору Абай Кунанбайуулунун домбрасынын так көчүрмөсүн өнөр ээсине белек кылды. Бул кадам улуттук баалуулуктарга болгон өз ара урматтоонун жана руханий байланыштынын белгиси болду.

Димаш Кудайбергендин атасы, Казакстан Республикасынын Маданият ишмери, ырчы жана композитор Қанат Айтбаев көргөзмөнүн мазмундук өзгөчөлүгүнө жана анын руханий-маданий маанисине кеңири токтолду. Ал бул көргөзмө жеке коллекцияны коомчулукка тааныштыруу менен гана чектелбестен, улуттук өнөрдү даңазалап, дүйнө элдеринин музыкалык мурасын бир мейкиндикте айкалыштырган маанилүү демилге экенин белгиледи.

«Бул аспаптар биз үчүн абдан кымбат. Анткени бул — дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан чогултулган, ар түрдүү элдердин улуттук мурасын тааныткан баалуу буюмдар. Ар биринин өз тарыхы бар. Бул аспаптарды белек кылган бардык жарандарга ыраазычылыгыбыз чексиз», — деди Димаш Кудайбергендин апасы, Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери, «Курмет» орденинин ээси Светлана Айтбаева.

Иш-чарага Алматы шаарынын Маданият башкармалыгынын башчысы Данияр Алиев, Казакстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Нышанкүл Каратаева, маданият жана искусство ишмерлери, интеллигенция өкүлдөрү жана ырчынын күйөрмандары катышты.

«Димаш: бир үн – миң эл» көргөзмөсү — өнөрдүн улут менен чек ара тандабастыгын айгинелеген, маданияттарды бириктирген ири маданий долбоор. Көргөзмө келгендерге ырчынын чыгармачылык дүйнөсүн тереңирээк таанып, улуттук музыкалык аспаптардын бай мурасын сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмө бир ай бою Алматы шаары, Зенков көчөсү, 24а дарегинде жайгашкан Ыкылас атындагы элдик музыкалык аспаптар музейинде улантылат.

Медиа галереясы

M27A3116.JPG
M27A3143.JPG
IMG_2394.JPG
M27A3146.JPG
M27A3566.JPG
M27A3337.JPG
M27A3458.JPG
M27A3111.JPG

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган