2024-11-06 18.24.47
6 ноября 2024 г.

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө башчыларынын 11- саммити өттү

6 ноября 2024 г.

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө башчыларынын 11- саммити өттү

Кыргызстанда 2024-жылдын 6-ноябрында Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө башчыларынын жогорку деңгээлдеги 11-саммити өттү.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров алып барды; Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Мажарстандын Президенти Виктор Орбан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар катышты. 

Саммитке ТҮРКСОЙ, ТүркПА, Түрк инвестициялык фонду, TМУнун Аксакалдар кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду сыяктуу түрк кызматташтык уюмдарынын башкы катчылары жана президенттери да катышты.

Саммиттин алдында TМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда мамлекет башчылары кол кое турган документтерди жыйынтыктап, Уюмдун күн тартибиндеги түрдүү маселелерди талкуулашты.  Жыйында ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Султан Раев уюмдун бир жыл ичи аткарган иши жана келечек пландары тууралуу маалымат берди. 

Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун өлкө  башчыларынын 11- саммитинин жыйынтыгында ТМУнун мөөнөттүү төрагалыгы Казакстандан Кыргызстанга өттү. 

Саммиттин соңунда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев күн тартибинде Түрк дүйнөсүн бекемдөө, экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана жалпы коопсуздук маселелери бар экенин белгиледи. Министр Ж. Кулубаев Кыргызстандын ТМУна төрагалыгы  бул багыттагы иштерди алдыга жылдырууга өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи. Саммиттин алкагында Бишкек декларациясы кабыл алынып, кол коюлду. Ошондой эле түрдүү тармактык макулдашууларга, чечимдерге жана протоколдорго кол коюлду. Кабыл алынган маанилүү чечимдердин катарында 2025-жылы Бишкек шаарынын Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору деп жарыяланышы, Түрк дүйнөсүнүн хартиясынын кабыл алынышы, Түрк дүйнөсүнүн Жашыл көз карашы: туруктуу келечек үчүн биримдиги, ТМУнун Ири түркий тил модели сыяктуу маанилүү пункттар бар.

Саммиттин жүрүшүндө Мажарстандын  Премьер-министри Виктор Орбан «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» менен сыйланды. 

 

 

Медиа галереясы

2024-11-06 18.24.19
2024-11-06 18.24.08
2024-11-06 18.24.15
2024-11-06 18.24.38
2024-11-06 18.24.22
2024-11-06 18.24.28
2024-11-06 18.24.31
2024-11-06 18.24.41
2024-11-06 18.24.33
2024-11-06 18.24.36
2024-11-06 18.24.44
2024-11-06 18.24.58
2024-11-06 18.25.04
2024-11-06 18.25.06
2024-11-06 18.25.20
2024-11-06 18.25.28
2963758.d52c997a6f0b04b63529cbefee3eadef
2963762.86bb7e2c031dd9aaa10b0ca777771f19
2963766.966a6b45d1f8c9f4f4b87e35aa971327
2963774.eb86efe3fd450bd65f81bed159cad6fa

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган