― 9 ноября 2024 г.
Башкы катчы Султан Раевди Ж.Шанин атындагы театр медаль менен сыйлады
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди, быйыл 95-жылдыгын белгилеп жаткан, Жумат Шанин атындагы Областык академиялык казак драма театры “Жумат Шанин” медалы менен сыйлады.
Медалды тапшыруу аземинде Жумат Шанин атындагы театрдын башкы менеджери Султан Сраилов сүйлөдү. Ал медаль ээсин куттуктап, Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы гана эмес, дүйнөгө белгилүү драматург экенин экенин айтты: «Султан Раев жазган драмалары жана пьесалары менен түркий элдердин маданий баалуулуктарын дүйнөгө таанытып, түркий элдердин театр искусствосун, түркий маданиятты өнүктүрүүгө күчүн талыкпастан жумшап келет», - деди.
Түштүк Казакстан областык драма театры Казакстанда театр өнөрүнүн пайдубалын түптөгөн, Сталин жүргүзгөн репрессиялык саясаттын курмандыгына кабылган, интеллектуал Жумат Шаниндин ысмын алып жүрөт.