WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.11.26
26 ноября 2024 г.

Башкы катчы Султан Раев БУУнун Х Глобалдык форумунун расмий ачылышына катышууда

26 ноября 2024 г.

Башкы катчы Султан Раев БУУнун Х Глобалдык форумунун расмий ачылышына катышууда

ТҮРКСОЙдун баш катчысы 2024-жылдын 25-27-ноябрь күндөрү Каскай шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсы (UNAOC) жана Португалия Республикасы  уюштурган «UNAOC Х Глобалдык форумунун» расмий ачылыш аземине катышып жатат.  Маданий диалог жана эл аралык кызматташтык үчүн чогулган форумга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жогорку өкүлдөрдү келишти.  

Форумдун ачылышында Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш глобалдык чакырыктарды чечүүдө цивилизациялар ортосундагы диалогдун маанисине токтолду: «Бири-бирибизди түшүнбөй туруп, орток чакырыктарды чече албайбыз»,- деди ал. 

БУУнун Цивилизациялар альянсынын Жогорку өкүлү Мигель Анхель Моратинос инклюзивдик саясаттын маанилүүлүгүн баса белгилеп,   Испаниянын Королу VI Фелипптин көңүлүн  маданий көп түрдүүлүктүн тынчтык жана кызматташтык үчүн канчалык маанилүү  экенине бурду. 

Португалиянын президенти Марсело Ребело де Соуса Португалия тарых бою маданияттар жана цивилизациялар ортосунда көпүрө болуп  келгенин белгилеп, форумдун бул миссияга салым кошуп жатканына канааттанып турганын билдирди. 

Ачылыш сөзүнө Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан катышты. Ал глобалдык тынчтыкты орнотууда маданий дипломатиянын маанисине токтолду: «Маданий диалог туруктуу тынчтык жана бири-бирибизди түшүнүү үчүн негизги пайдубалдардын бири  Бул контекстте Цивилизациялар альянсынын салымы баа жеткис», - деди ал. 

Х Глобалдык форумдун расмий ачылышына ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев катышып жатат. Андан тышкары Казакстан Парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адил Керимли жана Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Алоев катышууда. 

Португалия Республикасы уюштуруп жаткан бул Форумда кабыл алууну уюштуруунун жогорку деңгээли көрсөтүлүп, эл аралык маданий кызматташтык менен тилектештиктин маанилүүлүгүнө көңүл бурулууда.   

Расмий ачылыштан кийин Португалиянын Тышкы иштер министри Пауло Ранжел делегация башчыларынын урматына түшкү тамак берди. Бул атайын чакырууга ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы да катышып, эл аралык өнөктөштөр менен пикир алышты. 

Форумдун иши  ар түрдүү панелдер жана сессияларда уланууда. Анда ТҮРКСОЙдун маданий дипломатия тармагындагы ролу тууралуу сөз алдыңкы планга чыгары  күтүлүүдө. 

 

 

Медиа галереясы

WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.13.16
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.11.45
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.12.19
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.11.26
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.36
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.36 (3)
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.36 (2)
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.36 (1)
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.35
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.35 (1)
WhatsApp Image 2024-11-26 at 21.10.34

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган