WhatsApp Image 2024-12-02 at 12.01.45 (1)
2 декабря 2024 г.

Ашык Микайыл Азафлы Эскишехирде таанытылды

2 декабря 2024 г.

Ашык Микайыл Азафлы Эскишехирде таанытылды

ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы Азафлы социалдык жардам жана маданият коому, Эскишехир азербайжандар коому менен биргеликте 2024-жылдын 30-ноябрында Эскишехир Тепебашы муниципалитетинин Өздилек искусство борборунда түрк тилинде ТҮРКСОЙ тарабынан басылып чыккан “Ашык Микайыл Азафлы. Тандалган ырлар” китебинин таанытуу жыйынын өткөрдү.

Китептин бет ачар аземине Эскишехир азербайжандар коомунун төрагасы Жавид Айдын, Азафлы социалдык жардам жана маданият коомунун төрагасы Арзуман Азафлы, Эскишехир облустук улуттук билим берүү директорунун орун басары Жейлан Явуз, SARAR кийим протоколунун жетекчиси Алааттин Чобан, Кызылелма Туран коомунун төрагасы Ахмет Хызлан, Азафлы социалдык жардам жана маданият бирикмесинин Маданият борборунун жетекчиси, Микайыл Азафлынын ырларын Түркия түркчөсүнө которгон Зехра Ышык жана китеп, поэзия сүйүүчүлөр, акындар, студенттер катышты. 

Жыйында ТҮРКСОЙдун Азербайжандагы өкүлү Элчин Гафарлы, Азафлы социалдык жардам жана маданият коомунун президенти Арзуман Азафлы, Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин окутуучусу Ашык Сехер Атмач,  Эскишехир азербайжандар коомунун президенти Жавид Айдын сөз сүйлөштү. Алар  Ашык Микайыл Азафлынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу ой бөлүшүп, китеп сүйүүчүлөргө анын жазган ырлары, күүлөрү легендага айланып калганын айтышты жана   китептин Түркияда басылып, жалпы элге  таанытканы үчүн ТҮРКСОЙго ыраазычылык билдиришти. 

Андан соң Ашык Селахаттин Дүндар, Ашык Мустафа Айдын, Ашык Сехер Атмача Ашык Микайыл Азафлыга таандык ырларды аткарып беришти.

Соңунда искусство чеберлерине катышуу сертификаттары тапшырылды.

 

Медиа галереясы

WhatsApp Image 2024-12-02 at 12.02.51
WhatsApp Image 2024-12-02 at 14.45.01
WhatsApp Image 2024-12-02 at 12.01.45
WhatsApp Image 2024-12-02 at 12.01.45 (2)
WhatsApp Image 2024-12-02 at 12.01.44

© 2022 TÜRKSOY - Ар бир укугу сакталган