― 17 февраля 2026 г.
Анкарада Түркмөнфилмдин 100 жылдыгынын алкагында «Композитор» фильми көрсөтүлдү
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ, Түркмөнстандын Маданият министрлиги, Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилиги жана Огузхан «Түркмөнфильм» киностудиясынын кызматташуусу менен «Композитор» фильми Анкарада көрөрмандардын сынына коюлду.
Түркмөн киносунун бир кылымдык мурасын чагылдырган «Композитор: Музыканын керемети» аттуу фильм түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий эс тутумуна басым жасаган өзгөчө салтанаттуу азем менен көрүүчүлөргө сунушталды.
Түрк дүйнөсүндөгү маданий тилектештик жана кинонун бириктирүүчү күчү өзгөчө белгиленген аземге ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамырадов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан, Түркмөнстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекан Ышангулиев, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия жана түрк мамлекеттери уюму боюнча башкы директору Элчи Тоган Орал жана Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасынын орун басары, түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрага Күршад Зорлу баштаган көптөгөн коноктор катышты.
Искусство – бир туугандыктын эң күчтүү тили
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев кино улуттардын эс тутуму экенин белгилеп, искусство түрк дүйнөсүндө бир туугандыкты бекемдеген эң күчтүү байлыктардын бири экенин баса белгиледи. Раев «Композитор» фильми түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоо жана келечек муундарга жеткирүү багытында маанилүү кадам экенин айтып, маданий кызматташтык мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.
Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамырадов өз сөзүндө түркмөн киносу 1926-жылдын 7-февралынан бери терең өнүгүү жолун басып өткөнүн эске салып, Огузхан атындагы «Түркмөнфильм» киностудиясынын бир кылымдык чыгармачылык сапарынын маанисине токтолду. Түркмөн киносу эстетикалык чыгармачылык чөйрө гана эмес, ошондой эле тарыхый жана руханий баалуулуктарды кийинки муундарга жеткирүүнүн маанилүү куралы экенин белгилеген Шамырадов, «Композитор» фильми ушул түшүнүктүн күчтүү үлгүсү экенин айтты.
Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан кино маданий өзгөчөлүктү көрүнүктүү кылууда жана улуттардын эс тутумун сактоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Алпаслан Түркиянын кино тармагындагы колдоо механизмдерине токтолуп, акыркы жылдары толук метраждуу фильмдерди тартууга, биргелешкен долбоорлорго, даректүү жана анимациялык тасмаларга олуттуу колдоолор көрсөтүлгөнүн айтты. Түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий жана көркөм кызматташтык улам күчөп жатканын белгилеген Алпаслан, «Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалы» бул жалпы эрктин айкын көрсөткүчү экенин кошумчалады.
Маданий дипломатия жана жалпы келечек
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атынан сөз сүйлөгөн Элчи Тоган Орал Түркия 1991-жылы Түркмөнстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө болгонун эске салып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өз ара урмат-сый, теңдик жана жалпы кызыкчылыктар негизинде жыл сайын бекемделип жатканын айтты. Түркия менен Түркмөнстандын байланышы тарых, маданият, тил жана руханий биримдикке негизделгенин белгилеген Орал, маданият жана искусство тармагындагы кызматташтык бул байыркы байланыштарды дагы да чыңдап жатканын баса белгиледи.
Искусство коомдордун ортосунда түзүлгөн эң назик жана туруктуу көпүрө экенине көңүл бурган Орал түркмөн киносуунун 100 жылдыгын куттуктап, бул терең көркөм мурас түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий казынасына маанилүү салым кошуп жатканын айтты.
АК партиясынын төрагасынын орун басары жана түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрага Күршад Зорлу өз сөзүндө Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандык табигый, чын ыкластуу жана тарыхый негизге ээ экенин белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштар күн санап өнүгүп жатканын айткан Зорлу, өз ара соода көлөмүн көбөйтүү боюнча максаттарга токтолду.
Түркмөнстандан Түркияга келген студенттердин санынын өсүшү эки элдин ортосундагы руханий байланыктын бекемделгенинин көрсөткүчү экенин белгилеген Зорлу, маданий иш-чаралардын келечек муундар үчүн маанисине көңүл бурду. Түрк дүйнөсү концепциясы жалпы келечекти куруу эркине негизделгенин айткан Зорлу, маданият жана искусство тармагындагы кызматташтык бул концепциянын негизги таянычтарынын бири экенин кошумчалады.
Кино аркылуу жалпы эс тутумга саякат
Көрсөтүлгөн «Композитор» фильми композитор Мердандын балалык чагынан жаштык дооруна чейинки чыгармачылык жолун жана музыканын өзгөртүүчү күчүн баяндап берет. Фильм музыканын универсалдуу тили менен кинонун баяндоо мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырып, Түркмөнстандын маданий баалуулуктарын экранга алып чыгат.