― 13 августа 2026 г.
Анкарада III Эл аралык Кечиөрөн түрк дүйнөсү фестивалы өттү
Кечиөрөн муниципалитети менен Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ биргелешип уюштурган «III Эл аралык Кечиөрөн түрк дүйнөсү фестивалы» Анкара шаарында өткөрүлдү.
Кечиөрөндөгү Лаванда жана Роза багында өткөн иш-чарада түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген чыгармачыл топтордун элдик бий көрсөтүүлөрү, кино жана даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү, салттуу кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана концерттик программалар уюштурулду. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө салттуу темир согуу жөрөлгөсү аткарылды.
Иш-чарага Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагасы, профессор, доктор Күршад Зорлу, Кечиөрөн шаарынын мэри доктор Месут Өзарслан, ТҮРКСОЙдун бөлүм башчысы Мелик Өзсөз, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Марат Тагаев, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн шаар мэрлери, депутаттар, элчилер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү жана жарандык коом уюмдарынын жетекчилери катышты.
Программада сөз сүйлөгөн АК партиянын төрагасынын орун басары, профессор, доктор Күршад Зорлу Түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясынын маанилүүлүгүнө токтолду.
Ал өз сөзүндө: «Исмаил Гаспыралынын “Тилде, пикирде, иште биримдик” принциби бүгүнкү күндө да түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине жана өз ара тилектештигине багыт берип келет», – деди.
Кечиөрөн шаарынын мэри Месут Өзарслан да ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхый жана маданий мурасын кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мэр иш-чара түрк элдеринин ортосундагы боордоштук мамилелерди чыңдоого жана өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө маанилүү салым кошуп жатканын айтты.
Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн башка аймактарынан келген өкүлдөр катышкан программа маданий жана чыгармачылык көрсөтүүлөр менен жыйынтыкталды.